Чычкан капчыгайындагы өрт 13-августтан бери уланууда, учурда ӨКМдин кызматкерлери аны тик учак менен жогору жактан өчүрүп жатышат. Азырынча өрттүн масштабы кечээкидей — 120 гектар аянтты ээлеп турат, ал болжол менен 160 футбол талаасынын аянтына барабар.

Учурда капчыгайдагы өрттү Казакстандын ӨКМи тарабынан берилген тик учактын жардамы менен жогору жактан өчүрүүгө аракет кылып жатышат. Бул тууралуу Kloop.kgге Кыргызстандын Өзгөчө кырдаалдар министрлигининен билдиришти.

Видео: Чычкан капчыгайына жогорку жактан суу чачуу

«Бүгүн, 21-августта, 7:20дан тарта Канышай тилкесине (Бишкек-Ош унаа жолунун 262-чакырымы) суу чачуу башталды. Кечээ 18:00дөн 19:30га чейин 4 каттам жасалып, жогору жактан 24 тонна суу чачылган», — деп билдиришти мекемеден.

ӨКМден билдиришкендей, кечээтен бери Чычкан капчыгайындагы өрт каптаган жердин аянты өзгөргөн жок — ал болжол менен 120 гектер жерди түзөт.

Видео: Өрттү жогору жактан өчүрүү үчүн Токтогул суу сактагычынан суу сордуруу

Чычкандагы өрт

Чычканда 13-августта тутанган өрттүн себептери белгисиз бойдон калууда.Жергиликтүү жашоочулардын айтымдарында, өрт койчулардын же эс алуучулардын этиятсыздыгынан улам тутанган болушу мүмкүн.

«Өрттүн чыгуусуна койчулар же эс алуучулардын этиятсыз аракеттери себеп болгон болушу мүмкүн. Токойдо негизинен арча жана башка бадалдар күйөт. Алардын көбү картаң, кургак», — деди жергиликтүү тургун Сардарбек Момуналиев Kloop.kgге курган маегинде.

026-450x298

ӨКМден Чычкандагы өрттү өчүрүүдөгү башкы кыйынчылык түнкү катуу шамал экенин билдиришти.

Өрт өчүрүүгө ӨКМдин кызматкерлеринен сырткары жергиликтүү жашоочулар менен Улуттук гвардиянын аскер кызматкерлери да катышып жатышат. ӨКМдин маалыматы боюнча, анда жалпысынан 800дөн ашык киши иштеп жатат.

19-августта ӨКМдин башчысы Кубатбек Боронов Чычкан капчыгайындагы өрттүн эң башкы кооптуу жери күйүп жаткан кургак чөптүү чымдар экенин жана алар узак убакыт бою күйүп турарын билдирген.

Тема боюнча:

Видео: Чычкандагы өрттүн масштабы 160 футбол талаасынын аянтынан ашты