Жол кайгуул кызматкерлеринин видеого тартылып алынган жүрүш-турушу милициянын кадыр-баркына көлөкө түшүрүүдө, деп билдирди премьер-министр Темир Сариев. Видеодо ага инспектор кесиптештеринен уулуна айып салбоосун талап кылып жатканы тартылган.

Сариев Ички иштер министри Мелис Турганбаев жана Жол кайгуул кызматынын башчысы Сергей Дьяченко менен болгон жолугушуусунда  видеотасма «коомдук резонанс жаратканын» жана ИИМдин ишин «дискредитациялап» анын кадыр-баркына көлөкө түшүргөнүн билдирди.

«Элдин милицияга болгон ишенимин кайтаруу боюнча бардык аракет көрүлүп жатса, формачан адамдардын мындай жүрүш-турушу Ички иштер системасынын кадыр-баркына көлөкө түшүрдү. Ошондуктан, тыкыр кызматтык иликтөөнүн жыйынтыгы менен тасмадагы фактылар аныкталса, аталган кызматкерди иштен алуу эле жетишсиз. Аны бардык наамдарынан ажыратып, мындай абалга жол берген жетекчилер жазаланышы керек», — деди премьер-министр.

Анын айтымында, бул окуядан бардык укук коргоо кызматкерлери тиешелүү жыйынтык чыгарып, сабак алышы керек. Сариев мындай окуялардын алдын алуу үчүн милиция офицерлеринин арасында жыйын өткөрүүнү тапшырды.

Өз кезегинде Турганбаев видеотасманын бардык каармандары жумуштарынан алынгандыгын билдирди.

«Ошондой эле тиешелүү жетекчилердин жоопкерчилиги каралат», — деп билдирди министр.

Жол кайгуул кызматынын инспекторлорунун ортосундагы чатакташуу тартылган видео интернетке 23-августта жарыяланган. Анда инспекторлордун бири кесиптештеринен уулуна жол эрежесин бузгандыгы үчүн айып салбоосун талап кылып жаткандыгы көрсөтүлгөн.

«Сен мени билбейсиңби? Уулум МАИдеги Жеңиштин баласымын деп айткан турбайбы? Эмнеге мени менен байланышка чыккан жоксуң?», — деген инспектор видеодо.

Өз кезегинде анын кесиптеши протоколду толтуруп, автоунааны айып төлөөчү унаа токтотуу жайына жөнөткөнү жатканын айткан.

Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз катчысы Жеңишбек Ашырбаев Kloop.kgге төрт инспектор тең «Ички иштер органдарынын уставын, Ички иштер органдарынын кызматкерлеринин кодексин бузгандыгы жана өз кызматтык милдеттерин талаптагыдай аткарбагандыгы үчүн» кызматтарынан алынышкандыгын билдирди.

«Уулу эреже бузган кызматкер жумуштан алынды. Эреже бузган айдоочуну токтоткон кызматкер өз убагында рапорт менен кайрылбагандыгы үчүн кызматынан алынды. Дагы эки кызматкер жумуштан кетирилди, окуяны видеого таркан жана анын жанында турган инспекторлор. Эмнегедир алар дагы рапорт менен кайрылышкан эмес», — деди Ашырбаев

Басма сөз катчынын айтымында, инспекторлор ортосундагы чатак 2015-жылдын июнунда болгон.

Соавтор: Чынтемир Калбаев