Уулуна айып салбоону талап кылган ЖККнын инспектору бул боюнча өз учурунда кабарлаган кесиптештери менен бирге жумуштан бошотулушту, деп билдиришти Ош ШИИБсинин басма сөз кызматы.

Жол кайгуул кызматынын инспекторлорунун ортосундагы чатакташуу тартылган видео интернетке 23-августта жарыяланган. Анда инспекторлордун бири кесиптештеринен уулуна жол эрежесин бузгандыгы үчүн айып салбоосун талап кылып жаткандыгы көрсөтүлгөн.

«Сен мени билбейсиңби? Уулум МАИдеги Жеңиштин баласымын деп айткан турбайбы? Эмнеге мени менен байланышка чыккан жоксуң?», — деген инспектор видеодо.

Өз кезегинде анын кесиптеши протоколду толтуруп, автоунааны айып төлөөчү унаа токтотуу жайына жөнөткөнү жатканын айткан.

Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз катчысы Жеңишбек Ашырбаев Kloop.kgге төрт инспектор тең «Ички иштер органдарынын уставын, Ички иштер органдарынын кызматкерлеринин кодексин бузгандыгы жана өз кызматтык милдеттерин талаптагыдай аткарбагандыгы үчүн» кызматтарынан алынышкандыгын билдирди.

«Уулу эреже бузган кызматкер жумуштан алынды. Эреже бузган айдоочуну токтоткон кызматкер өз убагында рапорт менен кайрылбагандыгы үчүн кызматынан алынды. Дагы эки кызматкер жумуштан кетирилди, окуяны видеого таркан жана анын жанында турган инспекторлор. Эмнегедир алар дагы рапорт менен кайрылышкан эмес», — деди Ашырбаев

Басма сөз катчынын айтымында, инспекторлор ортосундагы чатак 2015-жылдын июнунда болгон.