Кыргызстандын Улуттук банкы сомдун курсунун төмөндөшүн «туруктуу каржы абалы» деп атады — мекеме азырынча валюталык рынокко интервенциялар менен чыкпайт. Кыргыз сому америкалык валютага карата тарыхый максимумдан ашты — эми бир доллар үчүн 64,9 сом берип жатышат.

Кыргызстанда чет өлкөлүк валютанын курсунун өсүшүнө ички себептер жок, деп билдирди Улуттук банктын төрагасы Толкунбек Абдыгулов.

«Кыргызстандын анчалык ачык эмес экономика болуп эсептелерин, биз эл аралык каржы рыноктору менен тыгыз байланышта экендигибизди эске алуу керек. Тактап айтканда, теңгенин девальвациясы, юандын девальвациясы, орусиялык рублдин курсунун төмөндөшү биздин курс [сомдун курсу] дагы өзгөрүүлөргө дуушар болушу керектигине алып келди», — деп билдирди Абдыгулов.

Анын айтымында, Кыргызстандагы акча алмаштыруу жайлары менен коммерциялык банктары казак валютасынын курсунун төмөндөөсүнө  «албетте» реакция жасашкан — алар Казакстандын жарандары өз улуттук валюталарын Бишкекте долларга «арзан» алмаштырбасын деген максатта теңгенин сомго карата курсун төмөндөтүшкөн.

«Теңге девальвация болгон 20-августта сомдун теңгеге карата алмашуу курсу дароо өзгөргөн. Аны биздин акча алмаштыруу жайлары менен коммерциялык банктар кылышты, бизге теңге менен келип пайдалуу сатып, аны долларга алмаштырып кетишпесин деген максатта», — деп билдирди Улуттук банктын башчысы.

Абдыгулов мамлекеттик регулятор 2015-жылдын кышындагыдай жана жазындагыдай рынокко интервениялар менен чыкпастыгын билдирди.

Кыргызстандын Улуттук банкы 25-августка караган түнү АКШ долларынын курсун 64,93 сомго чейин жогорулатты. Бул улуттук валюта жүгүртүүгө киргизилген 1993-жылдан берки америкалык валютанын кыргыз сомуна карата баасынын (инфляцияны эске албай эсептегендеги) жаңы тарыхый эң жогорку көрсөткүчү.

Расмий курстун жаңылангандыгы 25-августка караган түнү Кыргызстандын Улуттук банкынын сайтында жарыяланды — бир доллардын баасы 63,93 сомдун ордуна 64,93 сомго чейин жогорулаган.

Бул сом жүгүртүүгө киргизилген 1993-жылдан берки инфляцияны эске албагандагы расмий алмаштыруу курсунун эң жогорку көрсөткүчү.  Акыркы жолу тарыхый максимумдун чеги 2015-жылдын апрелинде белгиленген, анда бир доллар 63,9 сомго барабар болгон.

Анда америкалык валютанын курсунун кескин жогорулашы жазгы айдап-себүү иштеринин башталганы менен түшүндүрүлгөн. Кыргызстандын фермерлери күйүүчү-майлоочу майларды доллар менен сатып алышып, рынокто чет элдик валютанын жетишсиздиги пайда болгон.

Ал ортодо «Акчабар» каржы порталынын маалыматы боюнча, Бишкектеги акча алмаштыруу жайлары долларды 66,3 сомдон сатып жатышат. Кыргыз коммерциялык банктары тарабынан белгиленген доллардын орточо баасы бир сутканын ичинде 66-67 сомго жеткен.

Кытай жана глобалдуу рыноктордун төмөндөшү

Валюталык курстардын солгундашына мунайга болгон баалардын төмөндөшү кыйла таасир этүүдө — эл аралык серепчилер билдирип жатышкандай, баалардын төмөндөшү Кытайдагы экономикалык өсүүнүн басаңдашына, демек, мунайга болгон суроо-талаптын төмөндөшүнө байланыштуу.

Эки айдын ичинде кара алтындын бир баррелинин баасы 63 доллардан 40 долларга чейин төмөндөгөн.

Августтун ортосунда кытай өкмөтү өлкөдө өндүрүлгөн товарлардын экспортун стимулдаштыруу үчүн улуттук валютасын, юанды девальвациялаган.

Кытай бийлиги мындай кадамга негизги кытай фондулук биржалары дээрлик төрт триллион АКШ долларын жоготкондон бир айдан кийин барган.

24-август күнү эртең менен Шанхай жана Шенчжендеги кытай фондулук биржалары кайрадан төмөндөдү — бул жолкусунда 7 пайызга. Өз кезегинде ал Европа менен АКШдагы глобалдуу товар жана сырье биржаларында дүрбөлөң жаратты. Бирок кечке жакын дүйнөлүк рынок орточо эсеп менен эки пайызга жакын утушка жетишти.

Биржалардагы дүрбөлөң мунайга болгон баалардын төмөндөшүнө алып келди — бир күндүн ичинде төмөндөө 6 пайызды түзүп (бир баррели дээрлик 40 долларга чейин), ал рублдин курсуна таасир этти. Кечинде Орусия банкынын курсу боюнча, бир доллар үчүн 70 рубль берип жатышкан.

Теңгенин сомго таасир этиши

Кыргызстанда америкалык валютанын кескин кымбатташы 20-августта казак теңгесинин курсу эркин кое берилгенден кийин башталган. Эркин кое берүү Казакстанда улуттук валютанын курсу бийлик тарабынан эмес, а рынок тарабынан аныкталат дегенди билдирет.

Казак бийлиги мындай чечимди мунайга болгон дүйнөлүк баалардын төмөндөшүнөн улам кабыл алган — Казакстандын экспортунун жарымынан бир аз көбү аталган сырьену сатуунун эсебинен кармалып турат.

Казакстандагы валюталык өзгөрүүлөр Кыргызстанда ажиотаж жараткан — кыргызстандыктар менен Кыргызстандын борборунда жүргөн казакстандыктар кийин жогорураак баада сатуу максатында акча алмаштуруу жайларынан долларды арзан баада сатып ала башташкан.

Өз кезегинде акча алмаштыруу жайлары ал суроо-талапка доллардын курсун 61 сомдон 65 сомго чейин жогорулатуу менен жооп кылышты. Жеке акча алмаштыруу жайлары тарабынан жасалган мындай аракеттер кыргыз бийлигинин терс реакциясын жараткан.

Кыргызстандын өкмөтү менен Улуттук банкы жарандарды дүрбөлөңгө түшпөөгө чакырышкан.

«Бизде доллардын курсунун өсүшү биздин калктын теңгенин курсу долларга карата абдан төмөн түшүп кетти деген чайкоочулук күтүүлөрүнө байланыштуу», — деп билдирген Улуттук банктын башчысы Толкунбек Абдыгулов.

Ал учурда Улуттук банктын резерви эки миллиард АКШ долларына жакын экенин, эгер зарылдык болсо анын бир бөлүгү валютанын курсун турукташтыруу үчүн пайдаланылышы мүмкүн экенин кошумчалаган.