Kloop.kgнин кабарчысы мектеп формасы сатылып жаткан Бишкектин «Дордой» комплексиндеги «Алкан» базарында болуп кайтты. Кочкул түстөгү форманын милдеттүү эместигине карабастан анда ондогон ата-энелер окуу жылы башталганча форма сатып алууга шашылышууда.

Бишкек базарындагы ажиотажды «кызыл кочкул костюм» стандартындагы бирдиктүү мектеп формасын сатып түгөтүү акциясы жаратты. Сатуучулар билдиришкендей, базарда түрк өндүрүшүндөгү формалар сатылууда, бир комплектинин баасы 2000 сомдон 2400 сомго чейин.

Кыргызстандын өкмөтү мектеп формасынын милдеттүү бир түрүн жоюп, анын жалпы стандартын 2015-жылдын июлунда бекиткен.

Форманын өткөн жылы кабыл алынган кочкул кызыл түстөгү стандарты быйыл милдеттүү болуп эсептелбейт. Ар бир мектеп форманын түсүн (көк, кара, боз, кочкул кызыл, «үстү ак/төмөн жагы кара», чакмактуу) жана курамын (көйнөк, жилет, шым, костюм, юбка, фартук) 2015-жылдын сентябрына чейин өз алдынча тандап алуусу керек.