Ички иштер министрлиги нааразылык акцияларын уюштургандарга талапты күчөтүү демилгеси менен чыкты. ИИМдин парламенттик шайлоо алдындагы бул демилгеси талкуу жаратууда.
Тынч жыйындар жөнүндөгү мыйзамга киргизилген сунуштарга караганда, нааразылык иш-чарасын уюштуруучулар каражат булагын көрсөтүшү зарыл жана чет элден каржыланган учурда аны өткөрүүгө тыюу салынат. Мындай демилгени дароо сынга алган укук коргоочулар бийлик парламенттик шайлоо алдында жарандарды сестенткиси келип жатканын айтышууда.
Милиция сунуштап жаткан мыйзам долбоорунда акцияны уюштуруп жаткандар жергиликтүү бийликке же милицияга акциянын майда-чүйдөсүнөн бери маалымат берүгө милдеттүү болушат. Ички иштер министрлигинин басма сөз катчысы Бакыт Сейитов мыйзамдын зарылчылыгын мындайча түшүндүрдү:
- Биздеги митингдердин айрымдары акча менен эле уюштурулат. Катышуучуларга келген таксисинен мейманканасына дейре төлөгөндөр бар. Ошол эле учурда милиция мындай көрүнүштөргө чара көрбөй жатат деп сындашат. Ошондуктан ушул мыйзамды парламентке сунуштап чыктык. Учурдагы парламентпи же кийинки депутаттар кабыл алабы, азыр белгисиз.
Нарында ар кандай маселер боюнча митинг уюштуруп келген Эркин Асаналиев бүгүнкү күндө нааразычылык акциялары кандайдыр бир көйгөйдү бийликке жеткирүүнүн жеңил жолу болуп калды дейт. Асаналиевдин пикиринде, сунушталып жаткан мыйзам менен бийлик жарандык активисттердин оозун жабууга аракет кылууда.
- Митингдерди чет өлкөлүк уюмдар каржылайт деген болбогон кеп. Булар эми коомдогу терс көрүнүштөрдү, атка минерлердин ичип-жегенин эркин айтып көчөгө чыга албай калсын дегендей мыйзам даярдап жатат. Орусияны туурап жатат десек болот.
Анткен менен пикет-митингдер коммерциялык мүнөзгө айланып баратканы, кайсы бир саясатчынын кызыкчылыгы үчүн уюштурулуп жаткан акциялар бар экени да айтылып келет. Экс-акыйкатчы Турсунбек Акун аталган мыйзам долбоор өлкө Конституциясына каршы келээрин белгилейт. Анын оюнча, бул жарандардын эркин пикирин билдирүү укуктарын кандайдыр бир деңгээлде чектейт.
Ошентип митингдерди тескөө демилгесине активисттер, укук коргоочулар арасында кескин сын-пикирлер пайда болду. Алардын ишениминде, нараазылык иш-чараларын уюштурууга каражат деле кетпейт, болгону бийлик мындай аракеттер аркылуу оппозициялык саясатчылар менен активисттерге сес көрсөтүп жаткандай. Тартип коргоо органдары болсо мындай дооматтарды четке кагып, аталган демилге коомдун коопсуздугу үчүн деп ишендирүүдө.
Мыйзамдын иштөөсү үчүн аны парламент жактырып, президент кол койушу керек. Алдыдагы шайлоого байланыштуу азыр иштеп жаткан парламент ишин дээрлик токтотконун эске алганда, 4-октябрда боло турган парламенттик шайлоого чейин бул долбоор кабыл алынып, ишке кирери күмөн дешет серепчилер. Тынч жыйындар жөнүндөгү азыркы мыйзам парламент тарабынан 2012-жылы кабыл алынган. Ага ылайык, жарандар митинг жөнүндө бир күн мурун жергиликтүү бийликке кат түрүндө кабарлашы керек.