4-октябрда өтө турган парламенттик шайлоого 14 партия катышат. Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) партиялардын талапкерлер тизмесин кабыл алууну кечээ аяктаган.

БШКнын төрагасы Туйгунаалы Абдраимов мекеме 25-август күнү кечки саат 18:00дө саясий партиялардын тизмесин кабыл алууну аяктагандыгын билдирди — жыйынтыгында шайлоого катталган 34 партиянын 14ү катышмай болду.

Парламенттик шайлоого катышуу ниетин билдирген 34 партиянын төртөөсү шайлоо күрөсүн төлөө үчүн атайын эсептерди өз убагында ачышкан эмес, үчөөсү шайлоого катышуудан өздөрү баш тартышкан, а дагы 13ү талапкерлер тизмесин өз учурунда тапшырышкан эмес жана 5 млн. сом өлчөмүндөгү шайлоо күрөсүн төлөшкөн эмес.

Шайлоого катыша турган партиялардын тизмеси:

— «Республика — Ата-Журт»;

— «Мекен Ынтымагы»;

— «Замандаш»;

— «Бүтүн Кыргызстан Эмгек»;

— КСДП;

— «Азаттык»;

— «Бир Бол»;

— «Улуу Кыргызстан»;

— «Аалам»;

«Ата Мекен»;

— «Өнүгүү-Прогресс»;

— «Кыргызстан элдеринин конгресси»;

«Ар-Намыс»;

— «Кыргызстан».

Парламенттик шайлоо

Алдыдагы шайлоо 2010-жылы бийлик алмашкандан кийинки экинчиси парламенттик шайлоо болот.

28-июлда Кыргызстандын президенти Алмазбек Атамбаев шайлоону 4-октябрга белгилеген. «Парламент депутаттарынын ыйгарым укуктарынын конституциялык мөөнөтүнүн» так аныкталбагандыгынан улам парламенттик шайлоону өткөрүү датасы сегиз ай бою Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөлөрү менен депутаттардын ортосунда талаш жаратып келген.

Шайлоо алдындагы жарышка чейин эле партиялар үгүттөө иштерин башташып, Кыргызстандын шаарларынын көчөлөрүнө жарнак такталарын илип башташкан. Кеминде алты партия — «Ата Мекен», президенттик КДПК, «Өнүгүү-Прогресс», «Бүтүн Кыргызстан — Эмгек», «Кыргызстан» жана «Бир Бол» — мөөнөттөн мурда жарнамаларын жайгаштырышкан.

Буга жооп кылып БШК партиялар жайгаштырылган үгүттөө материалдарын 1-августка чейин алышы керек деген шарт койгон.

Шайлоо мыйзамдарына ылайык, шайлоо алдындагы өнөктүк шайлоого бир ай калганда, тагыраагы быйыл 4-сентябрда башталат.