Жерлиги Кыргызстан болгон Улукбек Канашев Москвада өсүп, 21 жашында чыгармачылыккка жаңы аралашкан музыканттарды алдыга жылдыруу менен алектенген «АСТРА» аталышындагы жеке лейблин түзгөн.

Канашевге жеке лейбл түзүү идеясы «ВКонтакте» соцтүйүнүндөгү музыкалык паблигине жазылгандардын саны 40 миң колдонуучудан ашкандан кийин келген — кыргызстандык ошол кезде эле музыканттар, продюсерлер, промоутерлер жана музыкалык аянтчалардын жетекчилери менен байланышта болгон.

Учурда «АСТРА» «лейбли» бир эле маалда алты музыкалык топту алдыга жылдыруу менен алектенүүдө.

Канашев Kloop.kgге курган маегинде анын лейбли эмне менен алектенери, эмнеге мындай идея келгендиги жана жаш артисттерди чыгаруунун канчалык деңгээлде оор экендиги тууралуу айтып берди.

Баяндоо Улукбек Канашевдин атынан жүрөт. Суроолорду Kloop.kgнин кабарчысы Метин Джумагулов узаткан.

Музыкалык лейбл — бул өз музыкант-резиденттерин алдыга жылдыруу менен алектенген уюм деп айтса болот. Бизде бир нече артист, көбүнчө москвалыктар катышкан өзүбүздүн анчалык чоң эмес көңүл ачуу кечебиз бар.Yvo7TAeiGA8-266x400

Лейблдин негизги максаты — музыканттардын релиздерин: ырлары менен альбомдорун жайылтуу. Биз аларды Google Store, iTunes сыяктуу жерлерде сатабыз, интернетте жайылтабыз. Ошондой эле биз концерттерди уюштурабыз, альбомдордун бетачарларын өткөрөбүз, кээ бирде Орусиянын аймактарын кыдырган анчалык чоң эмес турларды уюштурабыз.

Лейблди мен «ВКонтактедеги» пабликтин негизинде түзгөм. Биздин топ — бул музыкалык блог, анда анын администраторлору өздөрүнүн жакшы деп санаган музыкалары тууралуу билдирип, коомчулукка жаңы артисттерди алып чыгышат. Алгач топ жеке музыкалык каалоолорум тууралуу өз досторуман сырткары дагы башка колдонуучулар менен бөлүшүү максатында жеке өзүм үчүн түзүлгөн.

Качан жарнаманын эсебинен пабликтен пайда табуу башталганда иш кыйла жакшы жагына ооду. Пабликтен улам менде өтө пайдалуу байланыштардын түзүлгөнү абдан маанилүү. Алар менин паблигимде жарнама талап кылынган музыканттар, промоутерлер жана орусиялык музыкалык аянтчалар.

Бизди бул кимге керек болсо ошолор жакшы билишет. Учурда биздин топко жазылгандардын саны 90 миң колдонуучу. Жеке мен үчүн бул анчалык деле көп эмес, бирок иш жаңы башталган 2011-2012-жылдары жазылгандардын мынчалык саны кыйла көп сыяктанчу. Биздин паблик андеграунд музыкасына кызыккандардын арасында бир топ популярдуу.

Cruel Tie — «АСТРА» «лейблинин» көптү үмүттөндүргөн топторунун бири
Cruel Tie — «АСТРА» «лейблинин» көптү үмүттөндүргөн топторунун бири

Мен аны пайдалануу менен пайдалуу бир нерсе кылуу чечимине келген маалда менде бардык керектүү байланыштар бар болчу. Лейбл түзүү идеясы качан мен лейблдер боюнча музыканы ранжировкалап баштаганда келген. Анан мен Орусияда көз карандысыз лейблдердин аз экенин жана алардын бардыгынын эле туруктуу иштей бербестигин түшүндүм. Суроо-талапка ээ боло турган бир жаңы нерсе түзгүм келди. Азырынча бардыгы жакшы болуп жатат, суроо-талап бар жана мен бул ишмердүүлүгүмдү токтотууга себептерди көрбөй элем.

Алгач биз синти-поп жанрын, орусча айтканда бийге ылайыкташылган электрондук музыка жанрын колдоого алууну пландаганбыз. Бизге ал көз карандысыз орус музыкасынын сахнасындагы таза аба сыяктуу сезилген.

Бир аз убакыттан соң аталган жанрда ойногон музыканттарыбыздын тобу таркап кетти. Анан мен бир гана жанр менен чектелбөөнү чечтим. Азыр биздин лейбл көп жанрдуу, көп тилдүү жана эч кандай чектөөлөрдү карманбайбыз. Мендеги жалгыз критерий — бул музыка мага чынында эле жагышы керек.

Мен меломанмын. Мага бири-биринен өтө айырмаланган музыкалар деле жагышы мүмкүн.

Алгачкы убактарда мен артисттерди издеген эмесмин, анткени мен аларды билчүмүн жана дароо эле аларга кызматташууну сунуштагам. Кээ бирлери ишенишкен жок, а башкалары мени колдоого алышты. Кийинчерээк мен жеке өзүм перспективдүү деп эсептеген артисттерди таба баштадым. Жакында эле биз атың үчүн эмес, а тескерисинче атың сен үчүн иштеген чектен аштык. Бул кубандырбай койбойт. Акыркы жайда эле мен кызматташуу тууралуу сурамды карап чыгуу өтүнүчү менен жазылган ондон ашык кат алдым. Алардын арасынан үч-төрт артистти кабыл алдык.

Лейблдеги иш мамилелери жалпы ишенимден куралат. Мен өз резиденттерим менен эч качан келишим түзбөө принцибин карманып келгем. Бул башынан эле керек эмес болчу. Азыр мындай зарылчылык бар, бирок мен ага барбай элем. Менимче, келишим түзүлгөндө сен артистке же ал сага ишеним артпай жаткандай болот. Мени менен топтордун ортосундагы мамиле ишенимден куралат. Мен үчүн лейблдин резиденти — бул мен иштешип жаткан гана адам эмес, а мен аны менен убакытты да көңүлдүү өткөрө ала турган адам. Мен үчүн лейбл — бул үй-бүлө сыяктуу.

Бул турлардын, бетачарардын, релиздердин бардыгы тең оор деле эмес, а көбүнчө тажатып жиберет. Пландарды түзүп, аларды карманууга аракет кылуу керек. Мында физикалык же акылдык эмгек деле керек эмес. Мында тырышчаактык жана сүйлөшүүлөрдү жүргүзө билүү жөндөмдүүлүгү керек.

Менин жумушум бир күндү толугу менен талап кылбайт. Бардыгы тең биздин кайсыл баскычта экендигибизге жараша болот. Эгер релиз керек болсо, анда убакыт жана бир аз эмгек талап кылынат. Башка учурларда мен башка иштерим менен алектенип жүрө алам. Кайсыл бир күндөрү мен ар түрдүү маселелерди чечип монитордун алдында бир күн кечке отуруп, а эртеси лейблимдин бар экенин унутуп да кое алам.

VLNY долбоору дагы Канашевдин лейбли менен кызматташат
VLNY долбоору дагы Канашевдин лейбли менен кызматташат

Киреше бар, бирок ал көп эмес, анткени бул рынок толугу менен жаңы гана өнүгүп келе жатат жана биз бул тармактын пионерлери болуп эсептелебиз. Сахнанын өнүгүшү менен келечекте бул кыйла көп киреше алып келет деген үмүттөмүн. Азырынча пабликтен жарнама аркылуу акча түшөт, биз анда түрдүү окуялар тууралуу жарыяларды жайгаштырып, ар түрдүү музыкага да байланышпаган башка продукцияларды жарнамалайбыз. Лейблден акча релиздерди сатууда түшөт, ошондой эле биз артисттер ырдагандыгы үчүн алган акчадан пайыздарды алып турабыз.

Мен үчүн бул хоббиби же жумушпу так айта албайм. Экөө тең эмес го дейм. Азыр лейбл ишмердүүлүгү мен үчүн хоббиден жумушту карай өтүп бара жаткан өтөөл мезгил.

Биз контентибизди интернет аркылуу гана жайылтпайбыз. Мартта бизде ташкенттик Cruel Tie деген  инди-рок тобунун кичи-альбомунун релизи болгон. Биз алардын альбомун CDде таратканбыз. Дисктер алардын турлары маалында сатылган.

Мен музыканы бекер угуп, бекер көчүрүп алып жаткан адамдарды айыптабайм. Ишин жаңы баштаган лейблдер үчүн бал жакшы, анткени бекер таратуу — бул жакшы промо-аспап. Адамдар музыка менен таанышышат — эгер аларга жакса, анда алар биздин концерттерге келишет.

Ошентсе да музыканы сатып алуу керек. Ансыз анын өнүгүүсү да болмок эмес. Адамдар музыканы көчүрүп алуунун легалсыз экенин, аны сатып алуу керектигин түшүнө электиктен улам азыр көз карандысыз орус сахнасынын өнүгүүсү бир аз эзилген абалда. Же болбосо Spotify сыяктуу сервистер аркылуу угуу керектигин билишпейт, анда угулгандыгы үчүн да биз киреше алып турабыз. Балким бул утопиядыр, бирок мен келечекте адамдар музыканы сатып алуу керектигин түшүнүшсө дейм.h0JlNc_8yII-260x400

Мектепте окуп жүргөн кезде Бишкекте менин өз тобум бар болчу. Ал кезде Бишкек сахнасы үчүн популярдуу жанр эсептелген брит-попто ойночубуз. Биз мектеп ичинде гана эмес, анын сыртында да популярдуу болчубуз. Кийинчерээк топ таркап кетти. Убакыт өткөн соң мен өзүмдүн анчалык деле жакшы музыкант эмес экенимди түшүндүм да андан көрөк убактымды таланттуу адамдардын ишмердүүлүгүнүн өнүгүшүнө коротойун деп чечкем.

Мен чынында эле таланттуу кыргызстандык аткаруучулар качан пайда болот деп абдан күтүп жатам. Орусия сахнасына көрсөтүүдөн уялбай турган топтор. Азырынча мен кызматташууну каалап, дароо эле аны өнүктүрүүнү самай турган андай топторду көрбөй элем. Менде Нурбек Савитахунов менен иштешүү кыялым бар болчу. Мен анын фанатымын, анын англис тилдүү фолкторду жазып баштаган чыгармачылыгына көз салып турчумун. Тилекке каршы качан ал Бишкекке келгенде жергиликтүү сахнага ылайыкташып алды да өз ишмердүүлүгүн башка жакка буруп кетти. The Rolls, Dad Manki сыяктуу жакшы топтор да бар болчу, бирок алардын бардыгы тең өнүкпөй же таптакыр жоюлуп кетишти окшойт. Бирок мен Бишкектин андеграундуна салым кошууну чын жүрөктөн каалайм. Татыктуу артисттер пайда боло турган күндү күтүү гана калды.

Алгачкы убактарда мен үй-бүлөм тарабынан колдоо тапкан жокмун. Мен баарына лейблим бар экенин айткам, бирок эч кимисинде анын эмне экендиги боюнча түшүнүк жок болгон. Апам таптакыр эле мени жаман иштер менен алектенип жүрөт деп шектенген. Досторум колдошту, бирок досуңдун эмне менен алектенип жатканын жакшы түшүнбөй туруп колдоо кыйын да. Мен үчүн жакындарымдын колдоосу кыйла маанилүү болчу, бирок мен анда андай колдоону таба алган эмесмин. Бирок жарым жылдан бери апам мени жакшы колдоп келет. Ал менин ийгиликтерим үчүн кубанычта, эң башкысы бул ырахат жана киреше алып келсе болду.

Убакыттын өтүшү менен адамдар менин эмне менен алектенип жатканымды түшүнүп баштагандыктары кубандырат. Кыргызстандагы адамдардын буга кызыгып жатканы мен үчүн жагымдуу. Мен алектенип жаткан нерсенин ал өлкөгө түздөн-түз байланышы жок болсо дагы.