«Вечерний Бишкек» медиа-холдингине таандык vb.kg интернет-басылмасынын жамааты толук курамда акыркы жолу жумушка чыкты. Бул тууралуу журналисттердин өзүлөрү окурмандарына кайрылуусунда жазышты.

«vb.kgнин командасы өз окурмандары менен коштошууда» деген билдирүүдө басылманын ээсинин алмашуу ыктымалдыгынан улам редакциянын командасынын көбү жумуштан кетип жатканы жазылган.

«Рейдерлик басып алуудан жана сот баскычтарынын мыйзамсыз чечимдеринен улам азырынча иштеп жаткан «Вечерний Бишкек» басма үйүнүн жетекчилиги штатты 17 кишиге кыскартууга аргасыз. Дагы төртөө редакциядан жайдын ичинде кетишкен», — деп жазылган билдирүүдө.

Кызматтан кеткендердин арасында — интернет басылманын башкы редактору Дина Маслова, анын төрт орун басары, кыргыз редакциясынын редактору, жарнама боюнча менеджер, эки корректор, эки программист жана «журналисттердин жарымы» бар.

Алардын айтымдарында, журналисттердин өзүлөрү «Вечерний Бишкек» менен «Рубикондун» акциялары гезиттин мурдагы түзүүчүсү Александр Рябушкинге өтөрүнөн «күмөн санашпайт».

«Сот Биринчи май райондук сотунун чечимин көчүрүп алуу менен өлкөдөгү ири медиа-холдингди болжол менен 600 миң сомго баалайт болушу керек. Бул мурдагы түзүүчүлөрүнүн бири Александр Рябушкинге берилчү компенсация болуп калат», — деп жазышкан vb.kgнин кызматкерлери.

Басылма муну «рейдерлик басып алуу» деп эсептейт — «Вечёрканын» редакциясынын пикиринде, Рябушкиндин артында президенттин жакын адамдары турушат.

«Вечерний Бишкектин» жетекчилиги дагы деле маалыматтык аянтчаны тазалоо үчүн редакцияны президентке жакын адамдар өз колдоруна алууга аракет кылып жатышат деп эсептейт. Ошондуктан жакынкы келечекте — шайлоо өнөктүгү башталаары менен — басылманын редакциялык саясаты өзгөрөт», — деп жазган басылма.

Рябушкиндин өзү президенттин администрациясы менен байланышы бар экендиги тууралуу айтылган билдирүүлөрдү бир нече жолу четке каккан — анын пикиринде, «Вечёрка» соттун чечимине таасир этүү үчүн бул ишке атайылап өлкө башчысынын жакын адамдарын аралаштырып жатат.

Буга чейин ал Kloop.kgге курган маегинде«Вечёрканын» мындан аркы ишинде «басылманын учурдагы жамаатына таянарын», бирок басылманын редакциялык саясатын «тартипке келтирерин» билдирген.

«Эски жамааттын мыктылары сөзсүз «Вечеркада» калышат. Алар нормалдуу иштегендер, жакшы профессионалдык сапаттарга ээ кызматкерлер. Мен Дина Маслова менен тааныш эмесмин, ошондуктан анын калар-калбасы тууралуу айтуу азыр кыйын», — деп билдирген Рябушкин.

«Жаңы мультимедиялык сайт»

Мындан сырткары vb.kgнин журналисттеринин билдирүүсүндө интернет-редакциянын учурдагы кызматкерлеринин көбү жаңы мультимедиялык сайтты түзүүнүн үстүнөн иштеп баштай тургандыгы жазылган.

Бул тууралуу бир нече күн мурун vb.kg сайтынын башкы редактору Дина Маслова Kloop.kgге курган маегинде билдирген — жаңы басылманын саясатка байланышы жок болушу мүмкүн.

«Биздин чыгымдарыбызга жакшылап көңүл буруубуз керек болот. Мындан ары Александр Ким [басылманы] каржылабайт, мен болсо эркин сүзүүгө аттанам деп айтсам болот», — деди Маслова.

Ошондой эле башкы редактор жаңы басылма тууралуу ал vb.kgден толугу менен айырмаланарын айтты  — балким анда саясий жаңылыктар болбошу мүмкүн.

Мен жаңы форматтар менен иштеп көрүүнү каалайм. Менде ойлордун деңгээлинде бир нече идеялар бар. Сайт маалыматтык жана анда журналисттин иши болот деп так айта алам. Мен саясаттан четтеп, көбүнчө экономикага ыктасамбы дейм, бирок жагдай кандай болот көрөбүз да», — деп билдирген «Вечерний Бишкектин» интернет-басылмасынын башкы редактору Дина Маслова Kloop.kgге курган маегинде.

«Вечерний Бишкектин» айланасындагы талаштар

«Вечерний Бишкектин» айланасындагы мүлктүк талаш 2014-жылдын күзүндө, басылманын мурунку ээнчилеши Александр Рябушкин өзүн акционер катары калыбына келтирүү ниети тууралуу билдиргенден кийин башталган.

Ал «Вечерний Бишкекке» ээлик кылган «Рубикон» компаниясындагы акциялардын 50 пайызын 2000-жылы, анын үлүшүн мурдагы президент Аскар Акаевдин күйөө баласы Адил Тойгонбаев сатып алгандан кийин жоготкон.

Рябушкиндин өзү ал бүтүм басым алдында келишилгендигин айтып, анын жокко чыгарылышын өтүнүүдө. Ал «Рубикондогу» 50 пайыз акциясын кайтарып берүүнү жана акыркы 15 жыл үчүн компенсация катары 15 млн. доллар сурап жатат.

«Мен «Рубикондун» түзүүчүлөрүнүн курамына кирип, экинчи түзүүчүгө байланышкан маселелердин бардыгын тең ошол жакта чечким келүүдө. Бүгүнкү күндө кеп «Вечерка» тууралуу болбой эле. Анын бардыгы абалды ырбатуу», — деген анда Рябушкин.

«Вечерний Бишкектин» өкүлдөрү Рябушкин акцияларын Тойгонбаевге сатып жиберген соң эми эмнеге «Рубикондун» акцияларынын жарымын талап кылып жатканына таң калышууда.

Басылманын жетекчилиги Рябушкиндин артында президент Алмазбек Атамбаевдин айланасындагы кызмат адамдарынын митаамчылыгы бар деп эсептөөдө — холдингдин пикиринде, бийликке шайлоонун алдында Бишкектеги эң көп нускалуу гезитке ээлик кылуу пайдалуу болмок.

«Вечерний Бишкектин» кайрылуусу президенттин аппарат жетекчисинин биринчи орун басары Икрамжан Илмияновдун отставкага кетүүсүнө алып келген. Ал басылма тарабынан өлкө башчысынын айланасындагы башка кызмат адамдары менен бирге «рейдерлик басып алуу» аркетине айыпталган.