Шайлоочулардын тизмелери парламенттик шайлоого 45 күн калганга чейин добуш берүү тилкелерине илиниши керек — бул тууралуу Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги (ТИМ) билдирди. Тизмелерге биометрикалык маалыматтарын тапшырган жарандар киргизилет.

ТИМдин билдирүүсүнө ылайык, шайлоо тилкелери шайлоочулардын тизмелерин 4-октябрда өтчү шайлоого 45 күн калганга чейин илиши керек.

Шайлоого 40 күн калганга чейин шайлоочуларга алардын тизмеде бар экендиги тууралуу билдирүү жөнөтүлүшү зарыл.

«Өзүн шайлоочулардын тизмесинен таппаган же анда кандайдыр бир катанын бар экендигин аныктаган каалаган шайлоочу добуш берүү күнүнө 15 календарлык күн калганга чейин тиешелүү шайлоо комиссиясына арыз менен кайрылууга укуктуу», — деп билдирди мекеме.

Андай арызга жооп жаран шайлоочулардын тизмесине киргизилгенден же андагы каталар оңдолгондон эки календарлык күн өткөнгөч чейин берилиши керек.

Ошондой эле ТИМ биометрикалык маалыматтарын тапшырган гана жарандар добуш бере ала тургандыктарын эскертти.

«Шайлоочу биометрикалык маалыматтарын тапшырбаган болсо ал биометрикалык каттоодон өтүү үчүн ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга жөнөтүлөт», — деп билдирди министрлик.

Жарандын мындай арызы «кечиктирилгис түрдө» каралып, шайлоочу эки күндүн ичинде өзүн тизмеден таба алат.

Мекеме шайлоо күнүндө добуш берүүчүлөрдүн тизмесине киргизилген жарандар гана добуш бере ала тургандыктарын эскертет.

Алдыдагы шайлоо 2010-жылдагы бийлик алмашуудан кийинки экинчи парламенттик шайлоо болот.

Тема боюнча: БШК: Шайлоого 14 партия катышат