Кыргызстандын эгемендүүлүгүнүн 24 жылдыгына карата майрамдык концерт Ала-Тоо аянтында кечки саат жетиде башталат. Ага жергиликтүү ырчылар менен катар Орусиядан белгилүү жылдыздардын катышуусу күтүлүүдө.
Бишкек мэриясы кабарлагандай, Кыргызстандын эгемендүүлүгүнүн 24-жылында Орусиядан Вера Брежнева, Григорий Лепс, Сплин тобу, Евровидение сынагынын жеңүүчүсү Дима Билан жана кыргызстандыктардан түзүлгөн Город 312 тобу ушул сахнада ыр тартууламакчы.
Сүрөттүн авторлору: Калида Кубанычбекова, Аймончок Курсантбек кызы