Улуттук банк 28-август күнү эртең менен «Росинбанкка» түз банктык көзөмөл киргизди, бул тууралуу өлкөнүн башкы банкынын басма сөз кызматы билдирди.
Кыргызстандын Улуттук банкынын басма сөз кызматынан түз банктык көзөмөл «Росинбанктын» каржы операцияларын көзөмөлдөө үчүн киргизилгенин билдиришти.
Көзөмөл 27-августта Орусиянын Борбордук банкы «Росинбанктын» ээсине таандык болгон банктарга убактылуу администрация режимин киргизгенден кийин киргизилди.
«Росинбанк» орусиялык «ИТБ холдинг» «Залкар» банкты сатып алгандан кийин 2013-жылы негизделген. Өз кезегинде «ИТБ холдинги» Орусиянын башкы банкы убактылуу администрация режимин киргизген «Инвестторгбанк» жаан «Вокбанк» деген орус банктарына ээлик кылат.
«Түз банктык көзөмөл киргизүүнүн негизинде "Росинбанк" ААКнын ишмердүүлүгү чектелбейт, азыркы учурда ал штаттык режимде иштеп, банктык лицензияда каралган бардык операцияларды сунуштап жатат», ― деп жазылган кыргыз Улуттук банкынын билдирүүсүндө.
Башкы банктын маалыматы боюнча, кыргыз банкынын жетекчилиги дагы штаттык режимде иштеп жатат.
Улуттук банктын «Түз банк көзөмөлү» тууралуу жобосуна ылайык, мындай чара «банктын туруктуу жана ишенимдүү ишмердүүлүгү үчүн коркунучтардын» алдын алуу үчүн киргизилүүдө.
«[…] анын каржы абалын жакшыртуу боюнча чараларды өз учурда кабыл алуу, банкты туруксуз абалга же начарлоо абалына алып барышы мүмкүн болгон көйгөйлөрдү алдын ала аныктоо, ошондой эле банктын каржы абалын талдап чыгуу жана Улуттук банк тарабынан аныктала турган башка максаттарда», ― деп жазылган документте.
Жобо боюнча, негизги маселелер болуп банктын төлөө кудуреттүүлүгүн кылдап иликтеп, анын башкаруу сапатын жана отчеттуулук абалын деталдуу анализдеп чыгуу эсептелет.
«Росинбанктын» жетекчилиги 27-августта чыгарган расмий пресс-релизинде банктын каржы абалы «туруктуу» экенин, анын иштөөсү жана аманатчыларынын алдындагы милдеттенмелерин аткаруусу үчүн каржы мекемесинде акча каражаты «жетиштүү» экенин билдирген.
«Росинбанк» ААКсы менен «Инвестторгбанк» АКБ ― бул эки башка өлкөдө жайгашкан, операциялык ишмердүүлүктөрү бири-бирине таптакыр таасир этпеген эки башка юридикалык жак», ― деп жазылган ал билдирүүсүндө.
«Тазабек» маалымат агенттигинин маалыматы боюнча, «Росинбанк» активдеринин көлөмү боюнча кыргыз банктарынын рейтингинде 4-орунда турат.
«Инвестторгбанктын» көйгөйлөрү
Орусиянын банкы (Борбордук Банк) «Инвестторгбанк» менен «Вокбанкка» 27-августта убактылуу администрация киргизген ― эки банктын тең жетекчилигинин ыйгарым укуктары Аманаттарды камсыздандыруу боюнча агенттикке өттү.
Мындай чечим Орусиянын «Кудуретсиздик тууралуу» мыйзамына ылайык кабыл алынган.
«Убактылуу администрациянын алгачкы милдети «Инвестторгбанк» менен «Вокбанктын» каржы абалын карап чыгуу, анын ичинде насыячылар менен аманатчылардын кызыкчылыктарын коргоо боюнча оптималдуураак иш-чараларды аныктоо болуп эсептелет», ― деп жазылган Орусия Банкынын расмий билдирүүсүндө.
Бул Орусиянын башкы банкы «Инвестторгбанкты» «кылмыштуу жол менен алынган каражаттын изин жашырууга» айыптагандан кийин болууда. Анда банкка айып пул салынган болчу.
Ошондой эле Орусиянын башкы банкы эки банктын тең акционерлеринин ыйгарым укуктарын убактылуу токтотту.
«Вокбанк» менен «Инвестторгбанк» «ИТБ холдингине» кирет. 2013-жылы ал Кыргызстандын өкмөтүнө таандык болгон жана аукционго коюлган «Залкар банктын» активдерин сатып алган.
Андан соң «Росинбанк» түзүлүп, анын 90 пайызына «ИТБ холдинги», а калган 10 пайызына ― кыргыз өкмөтүнүн алдындагы Мамлекеттик мүлк фонду ээ болгон.