Дима Билан, Вера Брежнева, Григорий Лепс, Город 312, Сплин, Салтанат Аширова жана Мээрим Карыпова — кыргыз жана орус поп-жылдыздары Кыргызстандын эгемендүүлүккө ээ болгондугунун 24 жылдыгынын урматына жүздөгөн кыргызстандыктардын алдында «Ала-Тоо» аянтында ырдашты.

Концерттин толук видеосу:

Концерт Бишкектин борбордук «Ала-Тоо» аянтында өттү. Ал 2014-жылы «Кыргызгаз» улуттук газ операторун 1 АКШ долларына сатып алган орусиялык «Газпром» мамлекеттик корпорациясынын туунду компаниясы тарабынан уюштурулган.

Кыргызстандык жана чет өлкөлүк меймандардын алдында орусиялык поп-жылдыздар Дима Билан, Вера Брежнева, «Город 312», Григорий Лепс, «Сплин» рок-тобу, популярдуу «Ottawan» француз тобу жана кыргыз эстрада жылдыздары ырдашты.

Уюштуруучулар тарабынан чет өлкөлүк жылдыздарга канча каражат жумшалгандыгы айтылбай эле.