Валюталык рынок банктарга банктар аралык операцияларды евро менен АКШ долларынын курсу боюнча эсептеп чыкпастан эле улуттук валюталарда эле түздөн-түз жүргүзүүгө мүмкүндүк берет.

Интеграцияланган валюталык рынок түзүү тууралуу келишимге шериктештикке мүчө болгон тогуз өлкөнүн алтоосу тарабынан кол коюлган.

Көз карандысыз мамлекеттер шериктештигинде интеграцияланган валюталык рынокту уюштуруу тармагындагы кызматташуу тууралуу келишим Орусиянын Мамлекеттик думасына 31-августта, Ашхабадда кол коюлгандан эки жарым жыл өткөндөн кийин келип түшкөн.

Документ келишимдин катышуучусу болгон өлкөлөр банктар аралык операцияларды жүргүзүү үчүн бири-биринин валюталык рынокторуна түз кирүү мүмкүнчүлүгүнө ээ боло турган бирдиктүү система түзүүнү сунуштайт.

Келишимге ылайык, банктар ички каржы институттары сыяктуу аракеттерге барышат. Алсак, шарттуу кыргыз «РСК Банкы» «Сбербанк» сыяктуу орусиялык банктар менен чет элдик компания катары эмес, а ички каржы институту катары операцияларды жүргүзө алат.

«Башкача айтканда, келишимге катышкан өлкөлөрдүн аймагында улуттук валюталарды долларга же еврого карата курсун кайрадан эсептеп чыгуусуз эле түз алмаштырууга мүмкүн болот. Бул экономикалык жактан пайдалуу болот, анткени валюталардын курстарындагы айырмачылыктардан улам каражаттын жоголушу болбойт», — деп жазган орусиялык «Коммерсант» гезити.

Документ эл аралык келишимдердин негизинде иштеп жаткан жана келишимге мүчө өлкөлөрдүн биринин аймагында жайгашкан банктарга тиешелүү болот.

Келишимге 2012-жылдын декабрынын башында КМШга мүчө алты өлкө: Орусия, Кыргызстан, Казакстан, Армения, Беларусь жана Тажикстан тарабынан кол коюлган. А Өзбекстан, Азербайжан жана Молдавия документке кошулушкан эмес.

«Коммерсант» гезити белгилегендей, келишим сырткы соода тармагында улуттук валюталардын пайдаланылышын кеңейтүүгө мүмкүндүк берет — башкача айтканда, кыргыз импортерлору орусиялык товарлар сом менен төлөп, аларды Кыргызстанга алып келе алышат.

«Келишим кошумча бюджеттик чыгымдарды талап кылбайт, улуттук валюталар рыногунун өтүмдүүлүгүн жогорулатууна жана макулдашылган валюталык саясат жүргүзүүгө шарттарды түзөт», — деп жазылган Мамдуманын пресс-релизинде.

«Альпари» компаниясынын аналитикалык бөлүмүнүн директору Александр Разуваев казак «Форбсундагы» автордун баракчасына Евразиялык экономикалык биримдикке мүчө өлкөлөрдүн (Казакстан, Кыргызстан, Орусия, Беларусь жана Армения) ортосундагы акча жүгүртүүнүн дээрлик 50 пайызы доллар менен еврого туура келе тургандыгын жазган.

«Улуттук валюталарда соода кылуу - бул дээрлик бартер. Кыйла жакшы соода айырмачылыгында соода өнөктөшүнүн валютасын кайсыл жакка жайлаштыруу мүмкүндүгү анча түшүнүксүз», — деп жазган Разуваев.

Анын пикиринде, биримдикке мүчө өлкөлөр үчүн ЕАЭБдин бирдиктүү валютасын киргизүү «туурараак» болмок.

«Ал Беларусь, Орусия жана Казакстан үчүн бирдиктүү болуп, бир нече жылдын ичинде КМШнын алкагында өзүнө резервдик макам иштеп таба алышы мүмкүн. Андан көпкө үмүттөнүү кыйын, анткени Евразиялык экономикалык биримдиктин глобалдык экономика менен дүйнөлүк соодада салмагы өтө эле аз», — деп эсептейт эксперт.

ЕАЭБдин бирдиктүү валютасын түзүү идеясы интеграциялык биримдикке мүчө өлкөлөрдүн башчылары тарабынан бир нече жолу көтөрүлгөн, бирок ар жолкусунда тең эксперттер менен ал өлкөлөрдүн өкмөттүк чиновниктери андан баш тартып келишет.

Азырынча президенттер валюталык биримдикти ЕАЭБдин алкагында түзүүгө гана макул болушту — Орусиянын президенти Владимир Путин 2015-жылдын жазында эле орусиялык Борбордук банкка бул масеени карап чыгуу тапшырмасын берген.