YouTube видеохостинги летсплейлерди YouTube Gamingде трансляциялоо сервисин ишке киргизип, музыканы жарнамасыз угуу үчүн Music Keyге акча төлөп жазылууну киргизүүнү пландап жатат. Мунун бардыгы эмнени түшүндүрөт жана YouTube видеохостингине мындай өзгөрүүлөрдүн эмне кереги бар экенин Kloop.kgнин баяндамачысы Азамат Өмүралиев түшүнүүгө аракет кылды.
ОЮНДАР
YouTube өткөн аптада оюн видеолорунун трансляцияларын түз эфирде көрсөтүүчү сервисин ишке киргизди, ал Twitchтин түздөн-түз атаандашы болуп калды. Бул видеохостингдин анчалык деле күтүлбөгөн кадамы эмес — өткөн жылы YouTube Twitchти сатып алууга кызыкдар экенин билдирген, бирок жыйынтыгында аны 1 миллиард АКШ долларына Amazon компаниясы сатып алган болчу.
YouTube түз интернет-трансляцияларга карата жаңы трендди карманууга аракет кылууда: сервисте жакында эле өткөн The International 2015тин финалын жана Феликс Баумгартнердин стратосферадан секирүүсүн түз эфирде көрсөткөн. Мисалы, Kloop.kgнин түз эфирдеги көрсөтүүлөрү да YouTube аркылуу уюштурулуп келет.
Мында логика бар — негизинен оюндардын летспейин түз эфирде көрсөтүүнү гана колдогон Twitch сервиси акыркы бир нече жыл ичинде попцлярдуулукка жетти. Смартфондордо түз трансляциялар үчүн Periscope жана Meerkat сыяктуу тиркемелер пайда болууда.
YouTube жаңы модадан калышпай эле жана видеохостинг тарабынан YouTube Gamingдин түзүлүшү — акылга сыярлык кадам. Мисалы, ошол эле Twitchке караганда YouTubeдун ресурстары көп: бирөөсүнүн ар айлык колдонуучуларынын саны 1 миллиард, экинчисиники 100 миллион. Бирок муну менен бирге чоң жоопкерчилик да бар. Эгер Twitch хардкорн аудиториясына басым жасаса, YouTube Gaming кыйла жеткиликтүү нерселерди сунушташы керек болот.
Бирок YouTube Gamingдин Twitchке салыштырмалуу негизги сапаттык артыкчылыгы — кыйла бай китепканасы жана трансляциялардын көчүрмөсүн көрүү мүмкүндүгү. Чынында Twitch жок болуп кетпейт, анын сервисте кала турган өз авторлору менен каналдары бар — демек авторлор менен каналдары калып жаткандан кийин анын аудиториясы да калат.
МУЗЫКА
Бирок өзгөрүүлөр YouTube Gaming менен эле аяктабайт. Өткөн жылдын ноябрында YouTube Spotify менен Apple Musicтин потенциалдуу атаандашын, Music Key стриминг сервисинин бета-версиясын ишке киргизген.
Бул сервис колдонуучуларга YouTubeдан музыкаларды жарнамасыз угуп, жагып калган ырларды офлайн режимде сактап, смарфондогу тиркемени жыйнак абалга келтиргенден кийин токтогон жеринен улантып угуу мүмкүнчүлүктөрүн сунуштайт.
Биринчи караганда бул анчалык деле мааниге ээ эместей туюлат, бирок бул башка стриминг сервистери иштей турган үлгүнүн дал өзү. Анан да YouTubeдун бул долбоорду токтотуу ниети таптакыр жок өңдүү.
Азыр Music Keyдин жабык бета-тестирлөөсү аяктоодо. Сервис ушул жылдын ичинде толук ишке берилет деп убадаланган.
ПЛЮСКА ЧЫГУУ
Бул эки сервиске байланышкан негизги суроо: алардын эмне кереги бар? Рынокто татыктуу атаандаштын болушу дайыма жакшы кубулуш болуп келген, бирок компания YouTube Gaming менен жарнамадан түшчү кирешелерин көбөйтө алат — бул сервисте стримерлер жана авторлорду жарнама берүүчүлөр менен келишимдерди түзүүгө милдеттендиришет. Компания Music Key менен да баюу мүмкүнчүлүгүнө ээ. Music Keyге жазылуунун бир айлык баасы 10 АКШ долларына барабар.
YouTube жылына 4 миллиард доллар иштеп тапканына карабастан дагы деле Google компаниясынын бизнесинин кирешелүү бөлүгүнө айлана элек (а YouTube Googleга таандык). Андыктан компания жарнамадан сырткары дагы бир нерседен акча иштеп табууга активдүү аракет кылып жатат.
Дал ушундан улам YouTube дагы бир долбоорду ишке ашырууда. Быйыл киргизилиши керек болгон, бирок аты айтыла элек жазылуу азырынча YouTubeдун колдонуучуларына роликтерди жарнамасыз көрүүгө мүмкүндүк бере тургандыгы айтылууда.
Тактап айтканда, YouTubeдагы жанамаларды толугу менен өчүрүү үчүн эки жазылууга ээ болушу керек болот: музыкалык роликтер үчүн бирөөсүн Music Keyге, экинчисин калган видеолор үчүн аты атала элек жазылууга.
YouTubeдун плюска чыгуу стратегиясы ушундай окшойт. Дүйнөдөгү ири видеохостингдин жакынкы убактардагы өзгөрүү пландары азырынча түшүнүктүү, бирок ким билет балким YouTubeдагы өзгөрүүлөр дагы деле аяктай элек чыгаар.