Пекиндеги Тяньаньмэнь аянтында Экинчи дүйнөлүк согуштагы жеңиштин 70 жылдыгына арналган парад өттү. Ага кыргыз президенти Алмазбек Атамбаев да күбө болду — иш-чарага Кыргызстандан барган гвардиячылар катышышты.

Кыргызстандын Улуттук гвардиясынын жоокерлери Пекиндеги аскердик парадга катышышты — кыргыз жоокерлеринин жүрүшүн коменданттык бригаданын командири Данияр Исаков башкарды. Кыргызстандын президенти Алмазбек Атамбаев парадка көрүүчү катары катышты.

Экинчи дүйнөлүк согуштагы жеңиштин 70 жылдыгына арналган аскердик парад 3-сентябрда Кытайдын борборунда биринчи жолу өттү. Ага 17 өлкөдөн барган аскер кызматкерлери катышышты.

Параддын толук видеосу: