Футбол боюнча Кыргызстан менен Иордания курамаларынын беттеши 0:0 эсебинде тең чыгуу менен аяктады. Командалар 2018-жылы Орусияда өтө турган дүйнөлүк чемпионаттын тандап алуу бөлүгүнүн алкагында ойношту.

Кыргызстан курамасы беттештин биринчи жарым бөлүгүн атаандаштарына караганда кыйла жакшы өткөрүп, иорданиялыктардын дарбазасын көздөй бир нече кооптуу чабуул жасашты, бирок Александр Крестининдин тарбиялануучуларынын ар бир аракетинде акыркы соккуну таамай туштоо жетишпей жатты.

Биринчи жарым бөлүктүн акыркы мүнөттөрүндө кыргыз курамасынын чабуулчусу Эдгар Бернхардтта гол киргизүүгө жакшы мүмкүнчүлүк болду, бирок ал дарбазадан бир метр аралыктан топту иордан дарбазачысы Шафи Саббахуну көздөй таамай узатты.

Экинчи жарым бөлүктө көбүнчө иорданиялыктар чабуул жасашып, ал эмес Павел Матяштын дарбазасына топ киргизүүгө да жетишишти, бирок Хасан Абдель Махмуд оффсайд абалында болгондуктан калыс голду эсептеген жок.

Беттеш аягында Кыргызстан курамасында жеңиштүү гол киргизүү мүмкүнчүлүгү болду, бирок алгач Иорданиянын коргоочусу дарбазачы Саббах менен бетме-бет жалгыз чыккан Мирлан Мурзаевге каршы оюн эрежесин бузду, андан соң кыргыз курамасынын капитаны Азамат Байматовдун айып аянтчасынан узаткан соккусу иорданиялыктардын дарбазачысынын дал өзүнө барып тийди.

Кыргызстан 4 упайы менен тандап алуу оюндарынын B тобунда үчүнчү орунда. Иордания курамасы дагы ушундай эле сандагы упайга ээ, бирок алардын киргизген жана кое берген топторунун айырмасы жогору болгондуктан экинчи орунга жайгашкан, ошондой эле иорданиялыктардын запаста дагы бир оюну бар. Азырынча топ башында эки оюнунда 6 упайга ээ болгон Автралия курамасы келе жатат.

Буга чейин, 3-октябрда Австралия Бангладеш курамасын 5:0 эсебинде уткан.

Кыргызстан курамасынын кийинки оюну 2015-жылдын 8-октябрында өтөт — анда Александр Крестининдин тарбиялануучулары өз талаасында Тажикстандын командасына каршы ойношот.

Тандан алуу бөлүгү

Футбол боюнча 2018-жылкы дүйнөлүк чемпионат Орусияда өтөт.

Кыргызстан дүйнөлүк биринчиликтин тандап алуу оюндарын дароо эле Азия зонасындагы экинчи баскычта баштаган. Эл аралык футбол федерациясынын чечими менен биринчи баскычта ФИФАнын рейтингинде эң акыркы орундарда турган 12 команда ойношкон.

Кыргызстан команданын дүйнөлүк рейтингиндеги позициясын кыйла жогорулаткан 2013-1014-жылдардагы ийгиликтүү оюндарынын аркасында биринчи бачкычка туш келбей калган.

Экинчи баскычта 40 курама сегиз топко бөлүштүрүлгөн. Алардын арасынан тандап алуу бөлүгүнүн үчүнчү бачкычына болгону 12 гана команда өтөт — өз топторунда биринчи орунга ээ болгон 8 курама жана экинчи орунга ээ болгон мыкты төрт команда.

Дүйнөлүк чемпионаттын финалдык бөлүгүнө Азия чөлкөмүнөн төрт команда өтөт, алардын аттары 2017-жылы белгилүү болот.

Аны менен катар дүйнөлүк биринчиликтин тандап алуу оюндары биринчи жолу Азия чемпионатын тандап алуу оюндары менен бир өткөрүлүүдө .

Кыргызстан дүйнөлүк чемпионаттын тандап алуу бөлүгүнүн топток беттештеринде көптөн бери ойной элек болчу. Буга чейинки эки тандоо оюндарында кыргыз курамасы беттештерин биринчи бачкычтан баштап, эки жолу тең топтон чыга алган эмес.

Кыргызстан акыркы жолу дүйнөлүк чемпионаттын тандап алуу оюндарынын топтук беттештеринде 2006-жылы ойногон. Анда кыргыз курамасынын атаандаштары Бахрейн, Сирия жана Тажикстан командалары болуп, Кыргызстан өз тобунда акыркы орун алган болчу.