Жол эрежесин бузгандардан айып пул алууда нак акчадан баш тартуу, ЖКК инспекторлору тарабынан видеорегистраторлордун пайдаланышы, байкоочу кеңеш түзүү — бул министрлер кабинети тарабынан сунушталган жол милициясындагы реформалардын толук эмес тизмеси.
Көз карандысыз эксперттик топ өкмөт үчүн Жол кайгуул кызматын реформалоонун пакетин иштеп чыкты — сунушталган өзгөртүүлөрдүн тизмесине төмөндөгүлөр киргизилген:
- айып пулдарды төлөтүүдө нак акчадан баш тартуу;
- айдоочулук күбөлүктөрдөн «одоно эреже бузуулар» үчүн гана ажыратуу;
- ЖКК кызматкерлеринин портативдик видеорегистраторлорду алып жүрүүсү;
- инспекторлордун жеке автоунааларын кызматтык максаттарда пайдалануусу;
- жол кыймылына көзөмөл жүргүзүүнүн автоматташтырылган системасын киргизүү;
- ЖККнын алдында байкоочу кеңеш түзүү.
Бул реформалар Жол кайгуу кызматынын инспекторунун пара алган бир нече учуру жана айдоочуларга орой мамиле кылгандыктары видеого тартылып алынгандан кийин сунушталган.
Интернетка жарыяланган андай видеолорго премьер-министр Темир Сариев реакция жасап, инспекторлордун андай жүрүш-турушу ИИМдин ишин «дискредитациялап», анын кадыр-баркына көлөкө түшүргөнүн билдирген.
Өкмөт башчысы анда Жол кайгуул кызматы «радикалдуу реформаларга» муктаж экенин билдирип, милициянын ишмердүүлүгүн жакшыртуу боюнча конкреттүү сунуштарга 10 күндүк мөөнөт берген.
Макала толукталат