«Республика — Ата-Журттун» лидерлери Өмүрбек Бабанов менен Камчыбек Ташиев өздөрүнүн «эң маанилүү реформалар» программасын тааныштырышып, Конституцияны өзгөртүүнү, депутаттардын санын кыскартууну жана премьер-министр кызматын жоюуну сунушташып, бир катар экономикалык реформаларды убадалашты.

Өз сөзүндө Ташиев Бишкектин мэри Кубанычбек Кулматовдун ишин сынга алып, ал «эбак эле кызматынан бошотулушу керек болгондугун» билдирди.

Өз кезегинде Бабанов кайрадан конституциялык реформа керектигин айтты. Анын сунуштарынын негизгилери төмөнкүлөр:

— Кыргызстанда өлкө башчысы аткаруу бийлигин башкара турган президенттик башкаруу формасы болушу керек;

«Бизде аралаш башкаруу формасы болбошу керек», — деп билдирди Бабанов.

— парламентте 120 эмес, а 65 депутат отурушу керек;

— көзөмөл органдары менен укук коргоо органдарынын ыйгарым укуктарын чектөө.

Акырында Бабанов «Республика — Ата-Журттун» үгүтчүлөрү үгүт иштеринен сырткары жарандардан башкаруу формасын өзгөртүүгө каршы же макул экени боюнча кол топтой тургандыктарын билдирди.