Ленин чокусу, Алай жана Сулайман-Тоо Kloop.kgнин фотосүрөтчүсүнүн объективинде. Материал TRIP-2015 деп аталган Кыргызстанды кыдырууга арналган 10 күндүк джип-жүрүш маалында даярдалган.

TRIP-2015тин башкы максаттарынын бири болуп Кыргызстандын туристтик жагымдуулугун жогорулатуу үчүн документалдык тасма менен промо-рлликтерди тартуу эсептелинет.

Мындан сырткары жүрүштүн катышуучулары жардам көрсөтүү үчүн Кыргызстандын аймактарындагы балдар үйлөрүнө барышууда.

TRIP-2015 — кыргызстандыктардын чет өлкөлөрдөгү Kyrgyz Union уюму тарабынан уюштурулган жүрүш. Анын жүрүшүнө уюмдун «Инстаграм» менен «Фэйсбуктагы» расмий баракчасынан да көз салууга болот.

Төртүнчү күн

Саякатыбыздын төртүнчү күнүндө Ленин чокусун көрүү үчүн Оштон Алайды көздөй жөнөдүк.

DSC_6872

DSC_6912

Бийиктиги 7100 метрден ашкан чоку постсоветтик аймактагы жети миң метрлик бийиктиктен ашкан беш чокунун бири болуп эсептелет.

DSC_7125

Алай жана Памир тоо системаларынын ортосунда жаткан өрөөндө обсерватория жайгашкан.

DSC_7411

Өрөөндө өтө катуу шамал болуп турат. Анда биз эки кичинекей баланы — Ишен Мухамед жана Аравай деген жергиликтүү балдарды — жолуктурдук. Аларга өз айылдарына жетүү үчүн эшек минип жүрүүгө туура келет.

DSC_7550

DSC_7569

DSC_7596

DSC_7664

Жергиликтүү тургундар үчүн жашоого акча иштеп табуунун бир жолу — чөп чабуу. Эреже катары чабылган чөп кичинекей жүк ташуу унаалары менен ташылат, алар кээ бирде чөптүн оордугун көтөрө албай кулап да калышат.

DSC_7767

Мындай учурда мен КМШдагы бийик чокулардын бирин өз көзүм менен көрө алганым фактысын баамдоо оор сыяктуу.

DSC_7598

Бешинчи күн

DSC_8056

Биздин Кыргызстанга болгон сапарбыздын бешинчи күнүнүн эң олуттуу учурлары Ош шаарындагы «Сулайман-Тоо» музейине жана балдар үйүнө барганыбыз болду.

DSC_0713

Музей ысыктан сактануу үчүн жакшы жер болуп чыкты – тоонун ичи бир топ салкын экен. Музейге түрдүү тарыхый экспонаттар коюлган.

DSC_0739

DSC_0734

DSC_7898

Kyrgyz Unionдун өкүлдөрү кайрымдуулук максатында каражат чогултушуп, Оштогу «Боорукердик» балдар үйүнүн тарбиялануучуларына белектерди беришти.

DSC_0789

DSC_8159

Саякаттын катышуучуларынын бири балдар үйүнүн тарбиялануучулары үчүн таттуулар менен даамдуу суусундуктарды бөлүп берди. Калган катышуучулар балдар менен ойноп, эстеликке жалпы сүрөткө түшүштү: балдардын таң калган жана ыраазы болгон жүздөрүн көрүү биз үчүн жагымдуу болду, өзгөчө алар квадрокоптер менен «таанышкандан» кийин.

DSC_8176

DSC_8211

Жалал-Абадга бара жаткан жолдо Кокон хандыгы маалындагы тарыхый мурастарды, XII-XIII кылымдардагы минареттер менен мавзолейди сүрөткө тартып алуу үчүн Өзгөнгө кайрылдык.

DSC_8269

DSC_8326

DSC_8376

DSC_8395