Бишкек шаарындагы Ала-Тоо аянтында Дүйнө элдеринин эпостору үчүнчү эл аралык фестивалынын алкагында “Көчмөндөр стили” улуттук кийимдердин сынагы өттү. Kloop.kgнин кабарчылары сынактын жүрүшү менен таанышып келишкен.

IMG_6012
"Курманжан Датка" коллекциясы.

“Көчмөндөр стили” сынагына он эки дизайнер катышты. Дизайнерлер “Кыз Сайкал”, “Алтай”, “Курманжан Датка”, “Ак куу кыз”, “Саймалуу таш”, “Хандын жубайы (Хантум)”, “Шамалдын ыры (Песня ветра)”, “Жибек-Жолу”, “Көчмөн кыз (Кочевница)”, “Бекбекей”, “Биз көчмөнбүз” коллекцияларын сынакка алып чыкты.

IMG_5961
“Шамалдын ыры (Песня ветра)” коллекциясы.

Сынактын уюштуруучусу Дамира Алышбаеванын айтымында, иш-чаранын негизги максаты маданий дөөлөттү, мурасты сактоо, коргоо жана өнүктүрүү.

IMG_5930
"Саймалуу таш" коллекциясы.

 

IMG_5713
“Көчмөн кыз (Кочевница)” коллекциясы.

“Ушул сыяктуу маданий долбоорлор аркылуу башка элдердин да маданиятын таанып, сыйлап-урматтаганга үйрөнүү зарыл. Элдин ынтымактуу болушун камсыздоо болуп саналат”, - деп билдирди Алышбаева.

IMG_5779
"Алтай" коллекциясы.

Ар бир коллекцияда көчмөн элдин жашоосу чагылдырылганын көрүүгө болот. Ар бир коллекция 3-5 костюмду камтыды. Сынакта сунушталган улуттук кийимдерди беш кишиден турган калыстар тобу баалашты.

IMG_5761
"Алтай" коллекциясы.

Калыстар тобунун мүчөсү Дилбар Ашимбай сунушталган эмгектерге карата катуу сын айткандардын бири болду.

“Өлкөнүн негизги борбордук аянты сыяктуу абройлуу жердеги көргөзмө салмактуу, сапаттуу жана кооз болушу керек эле. Тилекке каршы мен эч бирин көрө алган жокмун”, - деди сынактын аягында Ашимбай.

“Көчмөндөр стилинин” жыйынтыгында калыстар тобунун сынынан өтүп Гүлжан Иреш “Хандын жубайы” коллекциясы менен биринчи орунду алды.

IMG_5802
“Хандын жубайы (Хантум)” коллекциясы.

Экинчи орунга Анжелика Бакамокованын “Биз көчмөнбүз” коллекциясы татыса, Жаркын Турсуналиеванын “Кыз Сайкал” эмгеги үчүнчү орунду багынтты.

IMG_5729
"Кыз Сайкал" коллекциясы.

Авторлор: Айдай Кудайбергенова, Аймончок Курсантбек кызы