Борбордук шайлоо комиссиясы 14 партиянын 4-октябрда өтчү парламенттик шайлоонун бюллетениндеги жайгашуу катарын аныктоо үчүн чүчү кулак өткөрдү; КСДП — 7чи, «Ата Мекен» — 6чы, «Республика — Ата-Журт» — 5чи.

Чүчү кулак 5-сентябрда Боршайкомдун имаратында өттү. КСДП жана «Кыргызстан» партияларынын өкүлдөрү кечигип келгендиктен иш-чара бир аз кечирээк башталды.

Чүчү кулактын жыйынтыгына ылайык, партиялар төмөндөгүдөй ирээтте жайгаштырылышты:

  1. «Аалам»
  2. «Ар-Намыс»
  3. «Замандаш»
  4. «Азаттык»
  5. «Республика — Ата-Журт»
  6. «Ата Мекен»
  7. КСДП
  8. «Өнүгүү-Прогресс»
  9. Кыргызстан элдеринин конгресси
  10. «Уулу Кыргызстан»
  11. «Бүтүн Кыргызстан — Эмгек»
  12. «Бир Бол»
  13. «Мекен Ынтымагы»
  14. «Кыргызстан»

БШКнын мүчөсү Жаркын Бапанова чүчү кулактан кийин журналисттерге партиялардын бюллетендеги катар номурларын аныктоо «таза» жана «нормалдуу» өткөнүн билдирди.

Анын айтымында, бюллетендердин өзү добуш берүү күнүнө 20 күн калганга чейин, тагыраагы 14-15-сентябрь күндөрү даяр болот.

Шайлоо-2015

2015-жылдын 4-октябрында өтчү парламенттик шайлоо — 2010-жылдын апрелиндеги бийлик алмашуудан кийинки мыйзам чыгаруу органына экинчи шайлоо болот.

Шайлоого 14 партия катышат, алардын ар бири депутаттыкка талапкер болгон 100дөн ашык кишиден турган тизмелерин каттоодон өткөрүштү.

Добуш берүү күнүнө туура бир ай калганда башталчу шайлоо алдындагы үгүт иштери 4-сентябрда старт алган.

Видео: Үгүт иштери башталган алгачкы түнү партиялар жарнак такталарын кантип илишти?

Боршайкомдун маалыматы боюнча, бүгүнкү күнгө карата партиялар өздөрүнүн шайлоо үчүн ачылган атайын банк эсептеринен 358 млн. сом коротууга жетишишкен.

Баарынан да шайлоо алдындагы процесске «Өнүгүү Прогресс» (80 млн. сомдон ашык), «Ата Мекен», КСДП жана «Республика — Ата Журт» (баары тең 50 млн. сомдон ашык) партиялары көп каражат коротушкан. 

Талапкерлерди каттоо чатаксыз өткөн жок — 3-сентябрда Ички иштер министрлиги милиция депутаттыкка талапкерлердин арасынан кылмыш жоопкерчилигине тартылган 234 кишини тапкандыгын билдирген.

ИИМдин бул билдирүүсүнөн кийин премьер-министр Темир Сариев соттолгону бар жана мыйзамды бузгандардын «парламентке келүүсүнө жол бербөө керектигин» билдирди.