«Ден соолугуна байланыштуу» альтернативалык кызмат өтөөгө тыюу салуу, 40 күндүк кызмат өтөө үчүн 60 миң сом, жогорку окуу жайларындагы аскердик кафедраларды жабуу — Коргоо министрлиги аскердик кызмат өтөө тууралуу мыйзамга ушундай өзгөртүүлөрдү сунуштоодо.

8-сентябрда коргоо мекемеси жарандарды аскердик кызмат өтөөгө чакыруу тармагын реформалоону сунуштады.

Мыйзам долбооруна ылайык, Коргоо министрлиги «Кыргызстандын жарандарынын жалпы аскердик милдети, аскердик жана альтернативалык кызмат өтөө тууралуу» учурдагы мыйзамга үч өзгөртүү сунушталууда.

  • Кыргыз мамлекеттик медициналык кызматынан башка бардык жогорку окуу жайлардагы аскердик кафедраларды жоюу;
  • альтернативалык негизде аскердик кызмат өтөө үчүн каралган себептердин тизмесинен «ден соолугуна байданыштуу» деген критерийди алып салуу;
  • 40 жашка чейинки эркектер үчүн 60 миң сомго 40 күндүк «кыска мөөнөттүү аскердик кызмат» киргизүү.

«Альтернативалык кызмат өтөөнү» чектөө жана кафедраларды жабуу

Коргоо министрлигинин Жергиликтүү түзүмдөрүнүн Башкы аскербашкармалыгынын начальниги Руслан Абдрахманов маалымат жыйынында акыркы беш жыл аралыгында аскерге чакырылгандардын 70 пайызы «ден соолугуна байланыштуу» альтернативалык кызмат өтөгөндүктөрүн билдирди. Аскерге чакырылгандар бул критерийден сырткары диний себептер боюнча, үй-бүлөлүк абалынан улам жана соттолгондугу бар учурларда альтернативалык кызмат өтөй алышат.

«КМШ өлкөлөрүнүн көбүндө альтернативалык кызмат өтөө бар, бирок алардын бирөөсүндө да «ден соолугуна байланыштуу» деген критерий жок. Аскерге чакырылган адам медициналык комиссиядан өткөндөн кийин кызмат өтөөгө жарактуу же жараксыз болушу керек», — деди Абдрахманов.

Альтернативалык кызмат өтөө үчүн каралган себептердин тизмесин кыскартуу идеясы жаңы эмес. Бул тууралуу биринчи жолу 2015-жылдын апрелинин аягында билдирилген.

Анда Абдрахманов «ден соолугуна байланыштуу» критерийи «криминогенндик жана коррупциялык көрүнүштөргө» ээ экендигин айткан.

«Ошондой эле офицердик наам алуу тууралуу пункт контракттык негизде кызмат өтөгөндөн кийин киргизилет. Андан сырткары Коргоо министрлиги жогорку окуу жайлардагы аскердик кафедраларды жойгону жатат. Жогорку окуу жайлардын бүтүрүүчүлөрү дагы армияга барышат. Эми бардыгы кызмат өтөшөт», — деп билдирген чиновник даярдалып жаткан өзгөртүүлөр тууралуу.

Ал жаңы мыйзам кабыл алынгандан кийин аскерге чакырылгандардын саны «бир топ эсе көбөйөт» деп эсептейт.

Мыйзамга ылайык, альтернативалык негизде кызмат өтөөдө Куралдуу күчтөрдүн катарында чындап кызмат өтөө каралган эмес. Мөөнөттүү кызмат өтөө — бул жарандардын чакыруу менен 1 жылдык мөөнөт кызмат өтөөсү.

60 миң сом үчүн 40 күн кызмат өтөө

Үчүнчү өзгөртүү катары 60 миң сомго 40 күндүк кызмат өтөөнү киргизүү сунушталууда.

Абдрахмановдун айтымында, кызмат өтөөнүн бул түрү ыктыярдуу болуп эсептелет жана ал үчүн жарандар үч топко бөлүштүрүлгөн:

  • мөөнөтүн кийинкиге калтыруу укугуна ээ эмес 18 жаштан 25 жашка чейинки курактагы аскерге чакырылгандар;
  • буга чейин алгачкы аскердик жыйымдарга барган, «ден соолугуна байланыштуу» альтернативалык кызмат өтөгөн 18 жаштан 35 жашка чейинки жарандар — алар медициналык комиссиянын жыйынтыгы менен аскердик кызмат өтөөгө жарамдуу болуулары керек;
  • кызмат өтөөнүн бир дагы түрүнөн өтпөгөн жана мөөнөтүн кийинкиге калтыруу укугуна ээ эмес 25 жаштан 35 жашка чейинки жарандар.

«Эгер жарандын мөөнөттүү кызмат өтөгүсү келбесе, акчасы менен мүмкүнчүлүгү бар болсо, өз каалоосу менен аскердик билетти сатып албаса, кимдир бирөөнө пара сунуштабаса — ал мамлекетке барып төлөйт да 40 күндүк аскердик жыйымга барат», — деди Абдрахманов.

Мыйзам долбоорунун авторлору жазышкандай, кыска мөөнөттүү аскердик кызмат өтөө Түркияда, Казакстанда жана Өзбекстанда иштеп келет, а сунушталган идея «Куралдуу күчтөрдүн мобилизациялык ресурстары маселесин чечүүгө» мүмкүндүк берет.

Коргоо министрлиги маалымат жыйынында ошондой эле электрондук аскердик билеттин прототибин көрсөттү — аны катталгандыгы тууралуу күбөлүктүн, альтернативалык кызмат өтөгөндүгү тууралуу күбөлүктүн, аскердик билеттин жана запастагы офицер документинин ордуна киргизгени жатышат.

Видео жана монтаж: Владимир Цай.