Кыргыз чек арачылары Ош облусундагы чек арага чектеш жайгашкан Сары-Таш айылында дрондун жардамы менен аймакты видеого тартып жүргөн Австриянын жаранын кармашты, — Кыргызстандын бийлиги австриялык мамлекеттик чек ара режимин бузгандыгын билдирүүдө.

Кыргызстандын Мамлекеттик чек ара кызматынын өкүлдөрү чет өлкөлүк жаранда ага чек ара аймагында жүрүү жана анда видеого тартуу иштерин жүргүзүү укуктарын берчү документтер жок болгондугун билдиришти.

Мамлекеттик чек ара тууралуу мыйзамга ылайык, андай документтер сөзсүз түрдө болушу керек.

«Андан сырткары ал уруксатсыз видеого тартып жүргөн — эгер тиешелүү органдардын уруксаты жок болсо, анда чек ара аймагында бардык иштерге тыюу салынат», — деп билдиришти Чек ара кызматынан Kloop.kgге.

Мекемеден белгилешкендей, чек арага чектеш жайгашкан кыргыз айылын Кыргызстандын аймагынан видеого тарткан — ага чейин кармалган адам өлкөгө Тажикстандан келген.

Сары-Таш — Тажикстан менен болгон чек арадан 20 чакырым алыстыкта жайгашкан, өлкөнүн түштүгүндөгү айыл — Кыргызстандын бийлиги тарабынан бекитилген чек ара райондорунун тизмесине кирет.

«Эгер башкача тартип бекитилбеген болсо анда ал аймакта дайыма жашабаган адамдын Кыргыз Республикасынын ички иштер органдарынын уруксаты жок чек ара аймагына кирүүсүнө тыюу салынат. […] Эгер эл аралык келишимдер жана макулдашуулар менен башкача жол каралбаган болсо, анда башка өлкөлөрдүн жарандары чек ара аймактарына Кыргыз Республикасынын ички иштер органдары тарабынан берилчү уруксат кагаздары менен киришет», — деп жазылган «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасы тууралуу» мыйзамда.

Тиешелүү документтер толтурулгандан кийин Австриянын жараны Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин аймактык бөлүмүнүн кызматкерлерине өткөрүлүп берилди. Аталган мекеменин басма сөз кызматынан Kloop.kgге азырынча кошумча маалыматка ээ эмес экендиктерин билдиришти.

Азырынча Kloop.kgнин кабарчыларына кармалган адам менен байланышууга мүмкүн болгон жок.