Фотосүрөтчү Геннадий Закиров өткөн жайындагы джип-турлардын жүрүшүндө Талас жана Жалал-Абад облустарынын чектешкен аймагында жайгашкан тоо көлүндө эки жолу — жайдын башында жана аягында болуп кайткан. Ал Kloop.kgге анда тарткан фотосүрөттөрү жана эки жолку сапардан алган таасирлери менен бөлүштү.

Баяндоо Закировдун атынан жүрөт.

Менин өтө жакын досторумдун бири жолсуз аймактарда жүрүүгө абдан кызыгып калыптыр. Күндөрдүн биринде ал мага Жалал-Абад жана Талас облустары чектешкен аймакта жайгашкан тоо көлүнө барып келүүнү сунуштады. Ал жер бизге өтө жаккандыктан, биз анда эки жолу болуп кайттык: жайдын башында жана аягында.

Кара-Кулжа дарыясы Токтогул суу сактагычына куят. Биздин маршрутубуз дал ошол сууну бойлой өттү.

Жолдо аары багуучулук менен алектенген жергиликтүү жашоочуларды жолуктурдук. Мында бул жашоочулардын негизги кесиби. Алар анда көптөгөн жыгач курулуштарын тургузушкан.

Үй жандыктарын жалаң «өздөрү үчүн» кармашат.

Мындай ороолордо чогулткан балды сакташат.

Мында туристтердин көп агымы жок. Балдар өтүп бара жаткандарга сактык менен карашат.

Көп өтпөй Кара-Кулжаны автоунаа менен кечтирип өтүүгө туура келди. Биринчи жолку баруубуз жазында болгондуктан, анда суу көп болчу, ошондуктан автоунааны чөктүрүп алуу тобокелдиги жогору болгон, бирок баары жакшы аяктады.

Биринчи жолку баруубузда көлдүн өзүнө чейин автоунаа менен барууга мүмкүн болгон жок. Бал челекчиге коңшулаш токтодук.

Көлгө чейинки жолду жөө басып өтүү керек болчу. Бирок бул унаа менен барганга караганда жакшы: жөө басып, таза абадан, айланадагы кооздуктан ыракат аласың.

Бир нече чакырым жол жүргөндөн кийин көл көрүндү. Мындай кооздукту көргөндөгү алгачкы сезимди айтып түшүндүрүү мүмкүн эмес.

Экинчи жолу ал жакка жайдын аягында бардык. Анда көлдүн өзүнө чейин автоунаа менен жеттик.

Бул жолкусунда айланадагы түстөр мурункусундай жазгы эмес, а күзгү түстөргө айланган. Бул көлгө башкача өңүттөн кароого мүмкүнчүлүк берет.

Мында түн ушунчалык караңгы болгондуктан, шаарда көрө албаган чексиз жылдыздарга суктанууга болот...

Мында алтын түстүү таңды тосууга болот...

...эртең мененки күндүн алгачкы нурларынан алтын капталгандай тоолорду көрө аласың...

...ушундай мемиреген таңга суктана аласың...

...шаардын ызы-чуусунан, көйгөйлөрдөн жана түйшүктөрдөн эс алса болот...

… өзүң менен өзүң жалгыз боло аласың.

Аягында көлдүн таптаза болгон тунук суусуна түшүп алдык.

Мындай укмуштуудай кооз жерден кетүүнү каалабасак да көп өтпөй кайрадан Бишкекке кайтууга туура келди.