Конституциялык палатанын биометрияга арналган жыйынында доочулар биометрикалык маалыматтарды мажбурлап топтоого каршы чыгышты. 9-сентябрдагы кезектеги жыйында доочулардын бир катар өтүнүчтөрү четке кагылды, алардын арасында процесске ЕККУнун эксперттерин тартуу өтүнүчү да бар болгон.

Биометрияны тапшыруунун мыйзамдуулугу боюнча жыйын 9-сентябрда өттү. Доочулардын өкүлү, укук коргоочу Токтайым Үмөталиева ОБСЕнин эксперттери биометрикалык маалыматтарды мажбурлап топтоонун Конституцияга каршы экендигин ырасташат деп аларды процесске катыштыруу боюнча өтүнүч кат жолдогон.

Конституциялык палатанын судьялары укук коргоочунун бул өтүнүчүн канааттандырышкан жок. Алар башка адистерди катыштыруу маселесин судья-баяндамачы чече тургандыгын билдиришти.

Үмөталиева дагы эки өтүнүч кат жазган. Алардын бири — биометрикалык маалыматтарды топтоо тууралуу мыйзам менен шайлоо тууралуу мыйзамды бириктирүү боюнча өтүнүч кат. Укук коргоочу бул документтер «органикалык түрдө байланыштуу» катары бир документке бириктирилиши керектигин билдирген.

Токтайым Үмөталиева Конституциялык палатанын жыйынында
Токтайым Үмөталиева Конституциялык палатанын жыйынында

Кийинчерээк доочу конституциялык палатанын судьясы Айсалкын Нарынбекованын четтетилишин талап кылган. Үмөталиева буга «негиздүү себептер» бар экенин билдирди. Айтымында, судья доочулар тарап менен жолуккан эмес жана Венеция комиссиясы менен ЕККУнун эксперттерин тартуу тууралуу өтүнүч катка жооп берген эмес.

Бул эки өтүнүч тең четке кагылды. Нарынбекова өзүн четтетүү талабына доочулардын дооматтарын негизсиз деп эсептей турганын айтып жооп берди.

Процесске доочу катары катышып жаткан жактоочу Нурбек Токтакунов өлкөдөгү кылмыштуулук көйгөйү жарандардын биометрикалык маалыматтарынын бар же жоктугуна байланыштуу эмес экенин жана милдеттүү биометрикалык каттоо тууралуу мыйзам тараптан кыргызстандыктардын жеке жашоолоруна олуттуу коркунучтар жараларын айтты.

Палатанын кийинки жыйыны 11-сентябрда өтөт.

Биометрикалык маалыматтарды топтоо тууралуу мыйзам

Жогорку Кеңеш биометрикалык каттоо тууралуу мыйзамды 2014-жылдын жайында кабыл алган — анда Кыргызстандын бардык жарандарын өз биометрикалык маалыматтарын тапшырууга милдеттендиришкен.

2015-жылдын апрелинде депутаттар шайлоо мыйзамдарына киргизилген өзгөртүүлөрдү жактырышкан. Ал өзгөртүүлөргө ылайык, кыргызстандыктар өз биометрикалык маалыматтарын тапшырбаса парламенттик жана президенттик шайлоолорго катыша алышпайт.

«Прецедент» өнөктөштүк тобунун башчысы Нурбек Токтакунов менен 2009-жылкы президенттик шайлоого талапкерлигин койгон укук коргоочу Токтайым Үмөталиева Конституциялык палатага доо арыз жолдошкон — анда укук коргоочулар мыйзамды «иштебеген» жана Конституциянын ченемдерине «каршы келген» мыйзам деп аташкан.

2015-жылдын 27-майында Токтакунов менен Үмөталиеванын доо арызы боюнча соттун биринчи жыйынын өткөн — анда Жогорку Кеңештин өкүлү Света Болжурова доо арыз боюнча башкы баяндамачы болгон жана доочулар тарапты колдогон Клара Сооронкулованын четтетилишин өтүнгөн.

Сооронкулова ишти кароодон четтетилгенден кийин биометрика тууралуу мыйзамды «мыйзамсыз» деп атаган — ал билдирүү сот-укуктук маселелер жана мыйзамдуулук боюнча парламенттик комитеттин мүчөлөрүнүн нааразычылыгын жаратып, алар Соттор кеңешинен Конституциялык палатанын судьясынын айткандарына баа берүүсүн өтүнгөн. Андан соң Кеңеш Сооронкулованы Конституциялык палатанын судьясы кызматынан бошоткон.

IMG_0018

«Адамдын жеке жашоосу үчүн тобокелдик»

Укук коргоочу Нурбек Токтакунов биометрикалык маалыматтардын бирдиктүү базасын түзүү адамдын жеке жашоосу жана мамлекеттик коопсуздугу үчүн тобокелдик жаратарын билдирген. Юрист бийликтин ал маалыматтарды коопсуз сактай ала тургандыгына ишенбейт.

Мамлекеттик каттоо кызматы биометрикалык маалымататрды топтоодо жана аларды сактоодо көйгөйдөрдүн бар экенин мойнуна алган. Мекеменин башчысынын орун басары Дастан Догоев Каттоо кызматында маалыматтарды сактоону стандартташтырууда көйгөйлөр бар экенин айткан.

«Азыр бул маалыматтар мамлекеттик борбордун электрондук башкаруу ишин аракетке келтирүүнүн алкагында каралып жатат, бирок азырынча бул багытта реалдуу жыйынтыктар жок», — деп билдирген ал 2015-жылдын мартында.

«Шайлоо процессине катышуу үчүн бышып жетиле элек»

Кыргызстандын президенти Алмазбек Атамбаев 2015-жылдын жайында биометрикалык маалыматтарын тапшыра элек кыргызстандыктар шайлоолордо добуш бере албай тургандыктарын билдирген.

«Мындай укуктар Европа менен АКШнын калкынын кээ бир бөлүгүнө жакында эле берилди. Кеп «караңгы» калк, аялдар тууралуу болууда. А бүгүн болсо кээ бирөөлөр өз бармак издерин тапшыруудан эринип жатышат. Демек, андай адамдар шайлоо процессине катышуу үчүн бышып жетиле элек», — деп билдирген анда президент.