Нарын облусундагы Жерге-Тал айылынын 40ка жакын үй-бүлөсү сууну арыктан алып ичишет, анткени айылдын жогорку бөлүгүнө таза суу жеткирилген эмес. Жергиликтүү тургундардын айтымдарында, аларда түрдүү оорулардын пайда болушуна дал суунун сапаты себеп болууда.

Жерге-Талдын жашоочусу Дилбара Апышева айылдын таза суу жок жогорку бөлүгүндө баары тең сууну арыктан алып иче тургандыктарын айтты.

«Биз уйлар менен иттер ичкен жерден суу ичебиз», — дейт ал.

Ошондой эле Апышева айыл тургундары суучоргосун орнотуп берүү өтүнүчү менен айыл өкмөтүнө кайрылгандыктарын айтты.

«Алар [жергиликтүү бийлик] былтыр эле баарын оңдой тургандыктарын айтышкан. Ошондон бери эч кандай жооп ала албай келебиз», — деп билдирди айыл тургуну.

Айыл өкмөт башчысы Шекер Жумалиева суу менен камсыз кылуу маселеси Жерге-Талдын 2016-жылкы бюджетине киргизилээрин айтып айылдыктарды ишендирүүдө.

«Биз бул көйгөйлөрдү чечүүгө аракет кылып жатабыз. Акча болсо бул маселелер чечилет. Кудай буюрса ушул жылы [суучорголорду орнотууну] 2016-жылдын бюджетине киргизели деп жатабыз», — деди Жумалиева.

3000ге жакын киши жашаган айылда төрт суучоргосу иштейт — алардын бардыгы тең айылдын төмөнкү бөлүгүндө жайгашкан.

Сууну суучорголорунан алып келүүгө мүмкүнчүлүгү барлар ташып келип ичишет. Андай мүмкүнчүлүгү жоктор сууну арыктан алышат.

«Биз арыктан алынган ал суу ден соолугубузга терс таасирин тийгизип жатат деп эсептейбиз. Азыр кээ бир жашоочуларда ич өткөк башталды. Эгер сууну тундуруп коюп койсо, андан курттарды көрүүгө болот», — деп тынчсыздануусун билдирди Апышева.

Айылдык дарыгер Чагалдак Молдалиеванын айтымында, жергиликтүү оорукана күн сайын орточо эсеп менен 15тен бейтап кабыл алат.

«Бизде көбүнчө гипертония, дем алуу органдары жана жүрөк кан-тамыр оорулары менен ооруган жашоочулар катталышат», — деди ал.

Ошентсе да ал оорулардын көбөйүшүнүн арыктан алынган сууну ичүүдөн улам болушу ыктымалдыгын жокко чыгарбайт.

«Бүгүнкү күндө ичеги ооруларынын саны өстү. Себептери: сууну арыктан алып ичүү, начар тамактануу жана ысык», — деп билдирди Молдалиева.

Автор: Адина Жолдошбек кызы
Видео жергиликтүү тургундар тарабынан жөнөтүлдү