Күздүн келиши менен Кыргызстанда жайлоонун сезону аяктайт — айылдыктар суук күндөргө болгон камданууларын аяктап, өткөн жайдын жыйыныгын чыгарышат.
Жайкысын кээ бир үй-бүлөлөр туугандарына чарбалык иштерге жардам берүү үчүн шаардан жайлоолорго барышат.
Кызыл-Үңкүр айылынын жашоочусу Нургүл Калматова бала кезинен бери жайлоого келип турат. Ал жыл сайын жайында үй-бүлөсү менен бирге күзгүгө болушунча көп азык-түлүк камдап алууга аракет кылат.
«Жайлоодогу жашоо күн сайын окшош болуп кайталана берет. Жумуш эртең менен таң атпай башталат. Кечке чейин ар түрдүү иштер менен алектенебиз: уйларды саагандан сырткары курут, сары май даярдайбыз», — дейт ал.
Бирок Калматова күнүмдүк түйшүктүн көптүгүнө капаланбайт деле. Таза аба менен дем алуу жана булак суусун ичүү мүмкүнчүлүгү алардын баарына арзыйт.
10-класстын окуучусу Медер жайлоодо ал курактуу балдар өтө көп экенин жана ага жайында жайлоодогудай шашпаган жашоо жагарын айтты. Анын үй-бүлөсү аары багуучулук менен алектенет, а өзү болсо кечкисин достору менен ойногонду жакшы көрөт.
«Биз бал сатуу менен жакшы киреше алабыз. Биздин ар бир күнүбүз окшош өтөт. Мектеп окуучуларынын көбү ата-энелери менен бирге бул жакта, жайлоодо жүрүшөт. […] Бизге ойногон абдан жагат. Ал оюндардын жардамы менен биз башка түрдүү айылдардын балдары менен таанышабыз», — деди Медер.
Ташболот Үмөтов жайлоодо айылдаштарынын малын багат.
«Жакшы дагы, жаман дагы жактары бар. Жакшы жагы — сары май, курут жасайбыз. А жаманы — эгер бир эле мал жоголсо, аны өз капчыгыбыздан төлөп берүүгө туура келет», — деп айтып берди Үмөтов андагы жашоосу тууралуу.
Мектеп мугалими Аселкан Өскөнбаева жайлоодо жайында жаман эмес акча иштеп табууга болорун айтат.
«Жайлоодон жакшы киреше табууга болот. Иштеп тапкан акчабызды күнүмдүк чыгымдарга, үйдүн курулушуна, оңдоп-түзөөгө жана башка иштерге жумшайбыз. Жайлоодо айылдыктардан сырткары эс алып жүргөндөрдү да көрүүгө болот. Алар келип кымыз, саамал ичишет. Алардын көбү шаарлардан келишет», — дейт ал.