Депутаттыкка КСДП партиясынан талапкер Жанар Акаев партияга киргенден кийин ага карата сын көз карашын өзгөртпөгөндүгүн билдирди. Ал партиянын курамын идеалдуу жана профессионалдуу деп айтууга болбостугун белгиледи.

Жанар Акаев «Азаттык» радиосунда иштеп жүргөн 2014-жылдын августунун башында президенттик Кыргызстандын социал-демократтар партиясына (КСДП) карата сын макала жазган.

Андан бери бир жыл өттү, Акаев президенттин басма сөз катчысы болуп эмгектенип, КСДПнын парламенттик шайлоодогу талапкерлеринин алдыңкы тизмесине кирүүгө жетишти.

Эми Акаев депутаттыкка талапкер катары Kloop.kgге маек куруп, бир жыл мурда жазылган макаладагыдай эле сынды кармана берээрин айтты. Анда ал социал-демократтарды «ийкемдүү» жана «президентке көз каранды» деп атаган.

«[…] Ошол эле убакта КСДП парламенттик башкаруунун жакшы жактарын да кыянатчылык менен пайдалангандай таасир калтырат. Шаар, район, керек болсо айыл өкмөттөргө чейин тажрыйбасы жок, жөндөмсүз болсо да өз партиясынын өкүлдөрүн жетекчилик кызматтарга дайындаганы да элдин нааразылыгын жаратып келатат», — деп жазган ал.

Азыркы күндөрү болсо Акаев төмөндөгүдөй пикирин билдирди: «КСДПнын талапкерлер тизмесинин азыркы курамын абдан идеалдуу, профессионалдуу деп айта албайм, тизмеде айрым кемчиликтер болгон. Азыр президенттин партиясындагы башкы кемчиликтер — бул анын учурдагы курамы идеалдуу, профессионулдуу болуп эсептелбейт, бирдиктүү бир пикирди карманышпайт».

Муну менен катар ал Кыргызстанда жалпысынан идеалдуу партиялардын жок экенин кошумчалады. Акаевдин айтымында, ал КСДПга анын алсыз жактарын — партиянын курамынын «профессионалсыздыгы» жана «алсыз» өкмөтү өзгөртүү үчүн барды.

«Качан мага басма сөз катчы кызматын сунушташканда мен ойлонуп көрөйүн дедим, анан чындап эле сырттан көз салып карап турбай балким ичинен көрүп жардам берсемби деп ойлодум. Бирок мен ошондо эле парламентке депутат болуу оюм бар экенин айткам. Анткени парламентте көбүрөөк пайдам тийет деген ойлорум бар», — деди ал.