Депутат Карганбек Самаков, мурдагы вице-премьер Искендер Айдаралиев жана экс-премьер-министр Игорь Чудинов камакка алынышы керек, деп эсептейт Башкы прокуратура. Бул үч саясатчы тең парламенттик шайлоого талапкер катары катышып жатышат.

Башкы прокуратура Боршайкомго кайрылып, парламенттик шайлоого «Кыргызстан элдеринин конгресси» партиясынын атынан катышып жаткан Самаковду, «Замандаш» партиясынын атынан катышып жаткан Айдаралиевди жана «Бир Бол» партиясынын атынан катышып жаткан Чудиновду камакка алууга уруксат берүүсүн өтүнүүдө.

Көзөмөл органы үч саясатчыны тең 2008-жылы 262 гектар «жер тилкесин мыйзамсыз трансформация кылган» деп айыптап жатат.

Трансформация — бул жер тилкесинин бир түрдөн башка түрүнө өзгөртүү. Алсак, трансформациядан кийин эгин талаасы токой өстүрүү же курулуш үчүн пайдаланылып калышы мүмкүн.

Башкы прокуратура депутаттыкка талапкер бул үч саясатчынын аракеттери «өлкөнүн азык-түлүк коопсуздугуна оңдоого мүмүн болбогон зыян алып келгендигин» билдирди.

«Бир Бол» партиясы көзөмөл органынын аракетин «атайын жасалып жаткан басым» деп атады. Партия ЖМКлар аркылуу билдирүү таратып, шайлоо өнөктүгү башталганга чейин Чудинов ал иште күбө гана болуп эсептелгенин билдирди.

«Кылмыш иши чынында эле 2014-жылы Байтик, Лебединовка жана Кара-Жыгач айыл өкмөттөрүндөгү жерлердин мыйзамсыз трансформациясы фактысы боюнча козголгон. Игорь Чудинов ал иш боюнча бир нече жолу күбө катары көрсөтмө берген жана депутаттыкка талапкер катары катталып жаткан кезде аны кылмыш жоопкерчилигине тартууга негиз жок болчу», — деп билдиришти партиядан.

«Кара пиар»

Экс-премьер-министрдин өзү прокуратуранын мындай кадамын «кара пиар» деп атады.

«Бул иш боюнча мени бир жыл мурун деле кылмыш жоопкерчилигине тарта алышмак, бирок эмнегедир дал шайлоонун алдында киришишти. Албетте, партияга басым жасалып жаткандыгы дароо эле түшүнүктүү болуп калууда, мына, ушундай кезектеги «кара пиар». Мунун кимге керек экенин айтпайм, ансыз деле түшүнүктүү да», — деп билдирген ал vesti.kg басылмасына берген маегинде.

Чудиновдун айтымында, Самаков 2008-жылы парламентарий болуп турганда жерлерди трансформация кылуу боюнча комиссияга депутат катары эмес, а жеке компаниянын башчысы катары кайрылган.

Экс-премьер Самаковдо «бардык керектүү документтер бар болгондуктан» комиссия тиешелүү чечим чыгарып, андан соң 12 министрлик, анын ичинде Юстиция министрлиги да уруксат берчү кагазга кол койгондуктарын айтып ишендирүүдө.

«Андан соң документти мага алып келишти. Мен министрлердин бардыгы тең эч кандай эскертүүсүз эле кол койгондуктарын көрүп өз колумду койгом. Мында мен өз өкмөтүмө ишенбей коюуга негиз жок болчу деп эсептейм», — деген Чудинов.

Андан сырткары Чудинов парламенттик шайлоо аяктаганга чейин анын кол тийбестиги болорун эске салды. Парламенттик шайлоо ушул жылдын 4-октябрында өтөт.

Боршайкомдун укуктук бөлүмүнөн Kloop.kgге азырынча бул маселе боюнча түшүндүрмө бере албай тургандыктарын айтышты.