Социалдык тармактагы билдирүүлөрдү жактырып «лайк» («класс») койгон «Одноклассники» түйүнүнүн колдонуучусу үй камагына бошотулду. Ал атайын кызматтагылары тарабынан 10-сентябрда Кыргызстандын түштүгүндо кармалган болчу.

20 жаштагы Абдулло Нурматов — Ош облусунун Кара-Суу районунда жашаган этникалык өзбек — Ош ОИИБсинин 10-башкы башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан 10-сентябрда кармалган.

Анын жактоочусу Хусанбай Салиев Kloop.kgге Нурматовдун кармалышына ал жыл башында камакка алынган таасирдүү имам Рашод Камаловду колдогон «Одноклассники» соцтармагындагы билдирүүнү жактырып, анын төмөн жагындагы «класс» баскычын баскандыгы негиз болгонун айтты.

«Кылмыш ишин экстремисттик материалдарды сактагандыгы үчүн деп 299-берененин 2-бөлүгүнүн негизинде козгошту. Ал өз почтасында тыюу салынган материалдарды сактаган имиш. «Лайк» баскычын материалдарды сактоого теңеп коюшту», — деди Салиев.

«Бир Дүйнө» укук коргоо уюмунун кызматкери Тахира Назарова Kloop.kgге Нурматов 11-сентябрь күнү кечинде тергөө аяктаганга чейин үй камагына чыгарылганын айтты.

«Класс» басканы үчүн кармоо

Хусанбай Салиевдин айтымында, Нурматов имамды колдогон билдирүүнүн төмөн жагына «класс» койгондугун мойнуна алган. Бирок юрист мындан кылмыш ишин козгоого себеп болчу негиздерди көрбөгөнүн билдирди.

Салиев алгачкы жолу Нурматовду 20-августта кармагандыктарын айтты — анда ал жактоого алган бала облустук милиция бөлүмүндө бир нече саат кармалып, юристтин айтымында ал жактан «денеси көк-ала болуп» чыккан.

«Прокуратура соттук-медициналык экспертиза дайындады, бирок ал документтердин бар экендигине карабастан [аймактык оорукананын травматология бөлүмүнүн медициналык корутундусу — редакциянын түшүндүрмөсү], баладан жаракаттарды тапкан жок», — деди Салиев.

Кара-Суу аймактык ооруканасынын травматология бөлүмүнөн Абдулло Нурматовго «мээси чайкалган жана башынын чыкый бөлүгүндөгү көгөргөн жери бар» деген диагноз да коюшкан.

Абдуллого каршы кылмыш иши козголгондон кийин 10-сентябрда укук коргоо органынын кызматкерлери атайын кызматтагылар менен бирге Нурматовдордун үйүндө тинтүү иштерин жүргүзүшкөн.

Абдулло Нурматов УКМКнын тергөө абагына 48 саатка камакка алынды. Анын иши боюнча сотттук угуу 12-сентябрда Ош шаардык сотунда өтөт.

Бул боюнча түшүндүрмө алуу үчүн Ош шаардык ички иштер башкармалыгы жана Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетттин Оштогу бөлүмү менен байланышууга мүмкүн болгон жок.

«Сабалып, үч жолу эс-учун жоготкон»

Абдуллонун атасы Мамир Нурматов Kloop.kgге курган маегинде 20-август күнү болжол менен саат 18:30дарда «8822 МА номурлуу унаа алардын үйүнүн жанына келип токтогондугун» айтты.

Андан соң Абдуллону Ош облустук ички иштер башкармалыгына, а атасын Кара-Суу РИИБсине алып барышкан. Укук коргоо органдарынын кызматкерлеринде аларды камаккал алууга уруксат берчү кагаздар жок болгон.

«Уулумду алып кетишкенден кийин мен жактоочу Валериян Ахмедовичти [бул иш менен Хусанбай Салиев менен бирге Валерьян Вахитов да алектенүүдө] алып келдим. Жактоочу күбөлүгүн көрсөтсө да аны эч ким кабыл алган жок. Биз бир жарым саат күттүк. Эч ким эч нерсе сураган жок, бизге кызыгып да коюшкан жок», — деди Нурматов Клооптун кабарчысына.

Айтымында, ал аралыкта Нурматов «сабалып, үч жолу эс-учун жоготкон» уулу Абдуллону көргөн.

Ал ошондой эле ИИМдин 10-башкы башкармалыгынын жарандык кийимчен кызматкерлери Абдуллону Сириядагы белгисиз адамдарга телефон чалдырып, алар менен сүйлөшүүгө жана «Одноклассникидеги» сүрөттөрдүн алдына «класс» коюуга мажбурлагандыктарын айтты.

Рашод Камаловдун кармалышы

Кара-Суунун мурдагы имамы Рашод Камалов 2015-жылдын  9-февралында кармалып, эки күндөн кийин тергөө абагына эки айлык мөөнөткө камакка алынган.

Ал шаардагы адам эң көп барган мечитте иштечү — анын «Ас-Сарахсий» мечитине жума намаздарында 5 миңге чейин адам келет.

Имам Кыргызстандын Кылмыш кодексинин «диний кастыкты козутуу» жана «диний кастыкты козутууга байланышкан уюштуруучулук ишмердүүлүк» беренелери боюнча айыпталууда.

«Судья келип, токтом чыгарып туруп кетип калды. Алар биздин сотко ишембөөчүлүк көрсөтүшүбүз мүмкүн деген фактыга көңүл буруп да коюшкан жок. Рашодхон эки айга камакка алынды. Бул чечим боюнча биз жогорку баскычтагы сотко кайрылабыз», — деп билдирген анда Камаловдун жактоочусу Назгүл Сүйүнбаева.

Камаловдун иши боюнча соттун алгачкы жыйыны 2015-жылдын сентябрында башталган.