Миграциялык кодекстин долбоорунун нормаларынын бири «калктын саламаттыгы менен адеп-ахлагын коргоо үчүн» зарыл болсо чет өлкөлүктөрдү өлкөдөн чыгарууну сунуштайт. Документке ылайык, «адеп-ахлактын» эмне экендигин милиция менен атайын кызматтагылар аныкташат.
Миграциялык кодексти аракетке келтирүү тууралуу мыйзам долбоору парламентте 7-сентябрда каттоодон өттү. Анын демилгечилери — Чыныбай Турсунбеков башында турган парламенттеги КСДП фракциясынын беш депутаты.
Кодекстин долбоорунун XII бөлүмүндө чет өлкөлүктү өлкөдөн «административдик чыгаруу» тууралуу норма бар.
Өлкөдөн чыгаруу үчүн сунушталган себептердин бирине ылайык, «эгер калктын саламаттыгы менен адеп-ахлагын коргоо үчүн зарыл болсо» чет өлкөлүк жаранды Кыргызстандын аймагынан чыгып кетүүсүнө мажбурлай алышат […]».
Мыйзам долбоорунун демилгечилеринин өзүлөрү негиздеме маалымкатта администрациялык өлкөдөн чыгаруу тууралуу жол-жобону «жаңыдан киргизилген тартип» деп аташкан.
«Бул жол-жобо биздин өлкөгө келүүсү жана анда жашоосу Кыргыз Республикасынын эгемендүүлүгүнө, өлкөнүн аймактык бүтүндүгүнө, мамлекеттин светтик мүнөзүнө, улуттук коопсуздугуна, коомдук тартипке, элдин биримдигине жана калктын саламаттыгына коркунуч жаратышы мүмкүн болгон чет өлкөлүк жарандарга же жарандыгы жок адамдарга карата тиешелүү мамлекеттик органдар тарабынан колдонулат […]», — деп жазышкан парламент депутаттары.
Кодекстин долбооруна ылайык, өлкөдөн администрациядик чыгарууга материалдар милиция жана улуттук коопсуздук органдары тарабынан толтурулат. Бирок өлкөдөн чыгаруу боюнча акыркы чечим сот тарабынан кабыл алынат.
Демилгечилердин маалыматтары боюнча, кодекстин өзү «мамлекеттик миграциялык саясатты, миграциялык процесстерди жана ал тармакта пайда болгон укук мамилелерин көзөмөлдөө» үчүн түзүлгөн.
Мыйзам долбоорунун демилгечиси, депутат Чыныбай Турсунбеков макала жарыяланып жаткан маалга карата түшүндүрмө алуу үчүн жеткиликсиз болуп чыкты.
Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин басма сөз кызматынан Kloop.kgге «калктын адеп-аклагы» кантип аныкталары боюнча үч күндүн ичинде кат жүзүндө жооп берүүнү убадалашты.
«Кереги жок демилге»
«Прецедент» юридикалык компаниясынын башчысы Фатима Якупбаева Kloop.kgге курган маегинде депутаттардын демилгесин «ашыкча жана керексиз демилге» деп атады. Анын айтымында, мыйзамдар ансыз деле «кемсинтүүчү жүрүш-турушу» үчүн чет өлкөнүн жарандары жазалоого мүмкүндүк берет.
Якупбаева учурдагы миграциялык мыйзамдарга ылайык, ансыз деле чет өлкөлүктү Кыргызстандын мыйзамдарын, анын ичинде административдик мыйзамдарды бузгандыгы үчүн өлкөдөн чыгарып салууга болорун белгиледи.
«Ал кодексте «адеп-ахлак менен калктын саламаттыгынын» эмне экендигинин түшүндүрмөсү жок болгондуктан, бул чет өлкөлүк жарандар үчүн коррупциялык натыйжаларга алып барып мүмкүн», — деп кошумчалады юрист.
Ал сунушталып жаткан Миграциялык кодекс Кыргызстандын Конституциясын бузат деп эсептейт.
«Эгер өлкөнүн жарандары менен чет өлкөлүктөр үчүн эки башка шарттар болсо, анда ал эл аралык нормалар менен Конституциянын өзүн бузуу болот. Мыйзам алдында бардыгы тең болушу керек», — деди Якупбаева.
«Адилет» укуктук клиникасынын директорунун орун басары Людмила Арапова чет өлкөлүктөрдү чыгарууга «адеп-ахлак коркунучу» себеп болбошу керек деп эсептейт.
«Андай таптакыр болбошу керек. Кантип «адеп-ахлактуулук» түшүнүгү өлкөдөн чыгаруунун себеби болушу мүмкүн? Эгер мен көчөгө чолок шымчан чыксам — бул адеп-ахлакка карама-каршы келип калабы?» — деп билдирди ал Kloop.kgге курган маегинде.
Арапова Миграциялык кодекстин кабыл алынышынын максаттуулугун көрбөй жатканын айтты.
«Мен мыйзам долбоорунун биринчи редакциясына корутунду бергем, ал жылдын башында болгон. Бирок мен ал кодекстин максаттуулугун таптакыр көрбөй турам. Кодекске бардык миграциялык мыйзамдар бириктирилген, бирок анда жаңы эч нерсе жок. Болгону ал документтердин топтому бир пакетке бириктирилип коюлган», — деп түшүндүрдү «Адилеттин» директорунун орун басары.