Милиция кызматкерлери Жалал-Абад облусунун Сузак районунан белгисиз наристенин сөөгүн табышты. Анын көмүлгөн жерин 36 жаштагы адам көрсөтүп берип, анда ал эки жыл мурун өлтүргөн өгөй кызы көмүлгөнүн билдирген. Анын айтымында, ал кезде кыз бир жарым жашта болгон. Азырынча ИИМден ал сөөктүн чынында эле аталган кызга таандык экенин так айта алышпайт.

Раяна аттуу бир жарым жаштагы кыздын өгөй атасы 2013-жылдын мартында аны өлтүргөндүгүн мойнуна алды — бул тууралуу Turmush маалымат агенттиги жазды. Онлайн-басылманын маалыматы боюнча, өгөй ата жубайынын өтүнүчү менен бир нече жолу «төшөктү булгап койгон» кызын «коркутуп коюуну» каалаган.

«Бир күнү үйгө келсем кызыбыз төшөктү булгап коюптур, жубайым «бул өлбөдү, өлүп калса жакшы болот эле» деп сүйлөнүп жатыптыр. Мага «кызды коркутуп коюңузчу» деди. Март айы болчу. Мештин оозун ачып, отко бир аз алып барып кайра тартып алдым, бирок чекеси күйүп калды. Ыйлаганын уланта бергендиктен плитага олтургуздум. Шымы синтетика болгондуктан дароо эле эрип, кыздын жамбашына жабышып калды», — деп жазган Turmush шектүүнүн айткандарын.

Анын айтымында, андан кийин жубайы экөө кызды бир аптадай багышкан, анын күйгөн жерлери айыгып баштаган. Бирок 10 күндөн кийин Раяна «дагы шымын булгап коюп», ичимдик ичип келген өгөй ата кызды антеннанын ичке зымы менен сабаган.

«Ичимдик ичип алган элем, антеннанын ичке зымы менен 5-6 жолу жонуна чаптым, башынан жаракат алып, канап кетти. Бетин жууп сооротууга аракет кылдым, таптакыр басылбай койгондуктан шапалак менен 1-2 жолу чаап жибердим», — деп жазган интернет-басылма өгөй атанын көрсөтмөсүн.

Бир аздан соң кыз өзүн жоготуп койгон, 15-20 мүнөттөн кийин колдору шалактап, «денеси муздап баштаган».

Эки айдан кийин жубайлар ажырашып кетишкен.

Милицияга бир жарым жаштагы Раянанын 2013-жылы өлтүрүлгөндүгү тууралуу арыз 2015-жылдын 3-августунда жазылган. Ички иштер министрлигинин басма сөз катчысы Эрнис Осмонбаевдин айтымында, бул тууралуу укук коргоо органдарына кыздын апасынын туугандары кабарлашкан.

Шектүү адам күнөөсүн мойнуна алып, ушул жылдын 11-сентябрында кызды көмгөн жерди көрсөтүп берген. Бирок ИИМден Kloop.kgге молекулярдык экспертиза аяктаганга чейин тергөөчүлөр ал сөөктүн чындыгында эле Раянаныкы экенин ишенимдүү айта албай тургандыктарын билдиришти.

«Молекулярдык экспертиза, тактап айтканда, анын тек-жайын аныктоо үчүн керектүү болгон ДНК экспертизасын өткөрүүлөрү керек. Анткени сөөктү казып алуу маалында шектүү адам ал жерди зорго тапты. Баары бир күмөн саноолор бар», — деп билдирди Осмонбаев.

Наристеге карата катаал мамиле кылуу фактысын кылмыш иши үчүн көрсөтмө берген Сузак РИИБсинин тергөөчүлөрү ырасташты. Мекемеден Turmush онлайн-басылмасы жарыялаган маалыматты «болжолдуу» деп аташты.

Turmush басылмасынан Kloop.kgнин кабарчысына сайтка чыккан маалыматтын анык экендигин айтышты.

«Эгер [маалымат] чын болбосо анда аны эмнеге чыгармак элек? Биз такталган маалыматтарды гана чыгарабыз, болгондо да ал [сайттын] башкы барагында турат, демек ал анык маалымат болушу керек. Биздин бардык жерде кабарчыларыбыз бар, маалыматтарды ошолор табышат», — деп билдиришти маалымат агенттигинен.

Шектүүгө каршы адам өлтүрүү фактысы боюнча кылмыш иши козголду, бирок ал молекулярдык экспертиза аяктаганга чейин эркиндикте жүрөт.

Сүрөт: Turmush.kg