12-13-сентябрь күндөрү Берлинде алгачкы жолу Lollapalooza Berlin 2015 аталышындагы музыкалык фестиваль өттү. Kloop.kgнин редактору Азамат Өмүралиев ал жакта болуп, Franz Ferdinand, Chvrches, Hot Chip топтору жана Macklemore & Ryan Lewis хип-хоп дуэти катышкан фестивалдын алгачкы күнүндө алган таасирлери тууралуу бөлүшүп, музыканттардын аткарган ырларын видеого тартып алган.

Баяндоо Азамат Өмүралиевдин атынан жүрөт. Бардык видеолор менен сүрөттөр авторго таандык.

Быйыл Германияда алгачкы жолу өткөн Lollapalooza Berlin 2015 музыкалык фестивалына барып калдым. Лоллапалуца фестивалынын өзү — популярдуулугу жана таанымалдыгы жагынан алганда Гластонбери же Коачелла фестивалдары менен салыштырууга боло туран ири бренд.

Бирок Лоллапалуца негизделген 1991-жылдан бери Америкада гана өтүп келген. Аны Jane’s Addiction тобунун фронтмэни Перри Фаррелл негиздеген. Ал Лоллапалуцаны өзүнүн аталган тобу менен коштошуу туру катарында уюштурган, бирок убакыттын өтүшү менен ал фестивалдык музыканын чыныгы локомотивине айланды. 2005-жылдан бери Лоллапалуца регулярдуу түрдө Чикагодо өтүп келген. 2011-жылы Чилинин Сантьяго шаарында, 2012-жылы Бразилиянын Сан-Паулу шаарында жана 2014-жылы Аргентинанын Буэнос-Айрес шаарында өткөн.

14 жылдан кийин фестиваль америкалык материктердин аймагынан чыкты. Лоллапалуца алгачкы жолу Американын сыртында быйыл, Берлинде 12-13-сентябрь күндөрү өттү.

Берлинде өткөн Лоллапалуцанын катышуучуларынын тизмеси көрүнүктүү болду. Быйыл фестивалга Run The Jewels, Сэм Смит, Clean Bandit, Fatboy Slim, диджейлер Martin Garrix жана Skrillex, Tame Impala, Hot Chip жана башка ондогон анча белгисиз музыканттар катышышты. Фестивалдын маңызы ушунда — кезинде Лоллапалуцада The Strokesден тарта M83кө чейинки ондогон альтернативалык рок-топтор ачылышкан.

Алгачкы Лоллапалуцанын хэдлайнерлери Muse, The Libertines жана Macklemore & Ryan Lewis дуэти болушкан.

БИРИНЧИ КҮН

Lollapalooza Berlin 2015тин алгачкы күнүндөгү музыканттар
Lollapalooza Berlin 2015тин алгачкы күнүндөгү музыканттар

Алгачкы күнү Лоллапалуцага 50 миң киши келди: бул ири музыкалык фестиваль үчүн анчалык деле көп эмес, бирок кантсе да бир топ эле сан. Бул контексттен алганда иш-чара өткөн жер андан да таң калтырат: Берлин Лоллапалуцасы дээрлик шаардын борборунда, жергиликтүү тургундар сейил багына айлантып алышкан каралбай калган Темпельхоф аба майданынын аймагында өттү — негизи бул сыяктуу фестивалдар шаар сыртында өткөрүлүп келет.

Албетте кире бериште да, чыга бериште да эч кандай «Кыргызстан-Австралия» беттешиндегидей көрүнүш болгон жок.  Адамдарды фестивалга атайын орнотулган пункттарда өткөрүшүп, тамак жана суусундуктар үчүн акча төлөөгө мүмкүн болгон магнит чиптүү билериктерди берип жатышты (болгону билериктин балансын атайын орнотулган жайларда толутуруп алуу гана керек болду). Өтө ыңгайлуу чечим: кола жана тамак-аш саткан дүкөнчөлөрдүн алдындагы кайтарым берүүгө байланышкан эч кандай баш катырмалар жок, кезекте тургандар бир нече мүнөттүн ичинде эле тарап кетип жатышты.

Жалпысынан фестивалда төрт сахна болду: экөөсү чоң, бирөөсү кичирээк жана төртүнчүсүндө кубаттуу жарыктар орнотулган (анда негизинен диджейлер болушту). Алардын ортосундагы аралык анчалык деле алыс болгон жок, бирок телефондогу кадамдарды өлчөгүч менин Темпельхофтун ичинде эле 10 чакырымга жакын аралыкты басып өткөнүмдү көрсөттү.

Фестивалдын логистикасы тууралуу өтө узак сөз кылууга болот. Бирок Лоллапалуца музыкалык фестиваль болгондуктан — мында эң башкысы артисттер. Тилекке каршы, бардыгын тең биринчи күнү угуп чыгууга мүмкүн болгон жок, бирок Hot Chip, Chvrches, FFS (Franz Ferdinand & Sparks), Dog Blood (Skrillex & Boys Noize) жана Macklemore & Ryan Lewisтун ырларына жетиштим.

CHVRCHESТЕН ӨЗГӨЧӨ БАССТУУ ЭПСИЗ ЭЛЕКТРОНИКА

IMG_7225-1024x768 (1)

Шотландиялык Chvrches тобунун аткаруусу өтө камералуу жана табигый болду. Салыштырмалуу угуучулардын саны анча көп болгон жок — миң, эки миң киши жана топ дагы анча узак ырдаган жок.

Бирок мындай топ адамдардын арасында өтө жагымдуу атмосфера түзүлдү: Chvrchesтин жандуу музыкасы таптакыр башкача угулат экен. Эгер алардын жаздырылган алгачкы (жана азырынча жалгыз) альбомунда эпсиз синти-поптун элементтери менен Афекс Твиндин эксперименталдуулугу айкалышса, жандуусунда басстар таптакыр башка өлчөмгө өтөт экен.

‘Leave a Trace’ ырынан үзүндү

Лоллапалуцада Chvrches тобуна чейин да, алардан кийин да мынчалык уккулуктуу басстарды уга алган жокмун. Негизинде бул кыйла эптүү жана амалдуу трюк — топ угармандарды дээрлик физиологиялык деңгээлде өзүнө тартты, бирок эч ким жабыркаган жок.

Chvrches — Clearest Blue

Chvrches алдыда чыкчу Every Open Eye альбомундагы ырлар менен буга чейин чыккан The Bones of What You Believe альбомундагы сингдерди кезектештирип аткарышты. Алардын ортосундагы айырмачылык таң каларлык: топ биринчи альбомунда эксперименталдык техно менен иштесе, экинчисинде курч басстарды алып, көбүрөөк поп гармонияларды кошкон. Бирок бул үчүн аларды жемелөө кыйын, анткени алардын эки альбомундагы ырлар тең укмуштуудай (жандуу дагы, жаздырылган түрүндө дагы).

MACKLEMORE & RYAN LEWISТИН САЛЮТТАР ЖАНА КИЧИ-ОРКЕСТР МЕНЕН ШОУСУ

IMG_7278-768x1024

Маклмор менен кыйла күтүүсүз болду. Фанфарлар, фестивалдын эң салтанатуу шоусу жана пафостун чегинен ашкан градусу күн мурун эле белгилүүрөөк болгон. Бул албетте алардын аткаруусунун кемчилиги эмес, бирок кептин жөнү Маклмор ушундай укмуштуудай шоудон интимдүү жана жеке кече кыла алгандыгында.

Лоллапалуцада угармандар менен баарынан көп Малкмор сүйлөштү окшойт. Котлеттин түрлөрү жөнүндө тамашалап, берлиндиктерди Темпельхоф үчүн мактады, кыздуу болгондогу сезимдери менен бөлүшүп, АКШда никелерди мыйзамдаштыруу тууралуу мыйзамды талкуулады.  

Macklemore & Ryan Lewis — Thrift Shop

‘Wing$’ ырынан үзүндү

Бирок кечедеги маанай үчүн бул сыяктуу жаңылыш сөздөрдү унутуп коюуга болот. Маклмордун шоусу Лоллапалуцада ырдаган көптөгөн артисттердин аткарууларынан бир топ эле жайбаракат болду, бирок кадимки музыкалык көңүл ачуулардагыдай сезим болгон жок. Салюттар, адепсизирээк нерселер жана фарфарлар көбүнчө кеткиң келбеген суу жээгиндеги кеченин таасирин калтырды.

Macklemore & Ryan Lewis — Can’t Hold Us

The Heist — а Macklemore & Ryan Lewis дуэтинин азырынча бир гана альбому бар — музыкалык же мазмундук идеянын туу чокусунда эмес. Аны Маклмордун өзү да ырастады — ага эң мыкты рэп-альбому үчүн «Грэмми» сыйлыгы ыйгарылгандан кийин артист Кендрик Ламардын алдында кечирим сураган.

Маклмордун «уурдалган» «Грэмми» сыйлыгы үчүн Кендрик Ламардын алдындагы кечирим суроосу
Маклмордун «уурдалган» «Грэмми» сыйлыгы үчүн Кендрик Ламардын алдындагы кечирим суроосу

Бирок Маклмордун альбомунда көптөгөн өтө кубаттуу жана чыныгы эмоционалдуу учурлар көп. ‘Thrift Shop’ силердин баарыңарды тажатса да ‘Can’t Hold Us’ ырынын алаңгазардыгы менен  ‘Same Love’ ырынын жарык сентименталдуулугу фестивалдын форматына идеалдуу туура келди.

БИР АЗ HOT CHIP, SKRILLEX ЖАНА FRANZ FERDINAND

IMG_7211-1024x768

Легендардуу рок аткаруучулары Franz Ferdinand менен диджей Skrillex Лоллапалуцага жаңы долбоорлордун курамында катышышты.

FFS (Franz Ferdinand & Sparks) аталышындагы жаңы коллабораициялык долбоор дээрлик толугу менен өзүнүн алгачкы жаңы (бардык параметрлеринен алганда начар) альбомун аткарды.

Dog Bloodдун аткаруусунан үзүндү

А Skrillex немис продюсери Boys Noize менен чыкты. Алардын Dog Blood деген дуэтинде да болгону бир гана альбому бар, бирок алардын сэти көбүнчө эпилептикалык шоктун чегинде жарыктандыруу шоулору бар клубдук микстерден турду.

Жеке мага — артымда фестивалдарга баруу тажрыйбамдын жоктугун эске алганда — Skrillex менен Franz Ferdinandдын жекече аткарууларын угуу кыйла кызыктуураак болмок, бирок объективдүү көз караш менен караганда алардын жандуу аткаруулары анча маңызсыз болуп чыкты. Аны менен катар албетте аларга эң чоң сахна бөлүнгөн — коллаборациондук эки долбоордун тең аткарууларында 10 миңден кем эмес киши болду.

Hot Chipтин аткаруусунан үзүндү

Токтоо Hot Chip дагы бир жаксыз болгон жок. Бир четинен алардын аткаруусу фестивалдын аймагын шашпай көрүп чыгууга өтө ылайыктуу болду, бирок экинчи жагынан сахна алдындагы топ арасында өзгөчө деле эмоция болгон жок.