Конституциялык палата 14-сентябрдагы жыйынында жарандарды милдеттүү түрдө биометрикалык каттоодон өткөрүү тууралуу мыйзам Конституцияга каршы келбейт деген чечим чыгарды.
Чечим тогуз судья тарабынан бир нече сааттык талкуудан кийин 14-сентябрда саат 21:30да бир добуштан кабыл алынды.
Буга чейин Конституциялык палатага юристтер Нурбек Токтакунов менен Токтайым Үмөталиева кайрылып, милдеттүү түрдө биометрикалык каттоодон өтүү тууралуу мыйзамды Конституцияга каршы келет деп табууну талап кылышкан.
Алар мыйзам Конституцияга каршы келет жана иштебеген мыйзам деп эсептешүүдө.
«Мен үчүн биометрика — бул клеймо, анткени аны тапшырууга мени мажбурлап жатышат. Эл үчүн тандоо мүмкүнчүлүгү болушу керек. Мажбурлап каттаттуусуз бул процесс шар өтмөк», — деди жыйындын жүрүшүндө Токтакунов.
Жыйынга жоопкер тараптын атынан катышкан Жогорку Кеңештин өкүлү Света Болжурова мыйзамды кабыл алууда «бардык нормалар сакталгандыгын» жана ал Конституцияга каршы келбестигин билдирди.
«Доочулардын дооматтары мыйзам конституциялык эмес, чындык болуп эсептелбейт дегенге байланыштуу. Бул мыйзам бир жолку акты эмес, ал бардык аймакта иштейт жана алдыда жакшы максаттарга ээ», — деп билдирди ал жыйында.
Палатанын чечиминен кийин Нурбек Токтакунов Kloop.kgге курган маегинде ал жарандык жана саясий укуктар боюнча эл аралык пакттын бузулушун караган Женевадагы БУУнун адам укуктары боюнча комитетине кайрылууну пландап жатканын билдирди — ал пакт Кыргызстанда да ратификацияланган.
«Бул узак процесс. Кандай болгондо да биз артка жана төмөн жакты көздөй чоң кадам жасадык», — деди ал Конституциялык палатанын чечими тууралуу пикирин билдирип жатып.
Парламенттик шайлоо
Кыргызстандын бийлиги алдыдагы парламенттик шайлоодо жарандардын биометрикалык маалыматтарын колдонуу ниетинде — алардын жардамы менен шайлоочуларды идентификациялоо жүрөт.
Шайлоого катышуу үчүн биометрикалык маалыматтарды топтооо 19-сентябрда, добуш берүү күнүнө эки апта калганда аяктайт. 19-сентябрдан кийин мамлекеттик органдар шайлоочуларды тизмелерин тактоо менен алектенишет.
«Прецедент» юридикалык компаниясынын башчысы Фатима Якупбаева Kloop.kgге курган маегинде Конституциялык палатанын чечиминен кийин 19-сентябрга чейин биометрикалык маалыматтарын тапшырбаган жарандар парламенттик шайлоодо добуш бере албай калуулары мүмкүндүгүн айтты.
«Соттук чечим же соттук практика Конституциялык палата мыйзамдуу деп тапкандан кийин демек бардыгы биометриядан өтүүгө милдеттүү деген өңүттө кетет жана жарандардын өз укуктарын сотто коргоосуна мүмкүн болбойт», — деди ал.
Якупбаева азырынча биометрия тууралуу мыйзам жарандарга шайлоодо гана таасир этээрин белгиледи.
«Азырынча эгер биометрикалык маалыматтарды тапшырбасаң мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдөн баш тартышат деген маселе турбай эле. Эгер жаран биометрикалык маалыматын ташырбаган болсо, анда ал автоунаасын же кыймылсыз мүлкүн каттоодон өткөрө албайт деген азырынча жок», — деди юрист.
Биометрикалык маалыматтарды топтоо тууралуу мыйзам
Жогорку Кеңеш биометрикалык каттоо тууралуу мыйзамды 2014-жылдын жайында кабыл алган — анда Кыргызстандын бардык жарандарын өз биометрикалык маалыматтарын тапшырууга милдеттендиришкен.
2015-жылдын апрелинде депутаттар шайлоо мыйзамдарына киргизилген өзгөртүүлөрдү жактырышкан. Ал өзгөртүүлөргө ылайык, кыргызстандыктар өз биометрикалык маалыматтарын тапшырбаса парламенттик жана президенттик шайлоолорго катыша алышпайт.
«Прецедент» өнөктөштүк тобунун башчысы Нурбек Токтакунов менен 2009-жылкы президенттик шайлоого талапкерлигин койгон укук коргоочу Токтайым Үмөталиева Конституциялык палатага доо арыз жолдошкон — анда укук коргоочулар мыйзамды «иштебеген» жана Конституциянын ченемдерине «каршы келген» мыйзам деп аташкан.
2015-жылдын 27-майында Токтакунов менен Үмөталиеванын доо арызы боюнча соттун биринчи жыйынын өткөн — анда Жогорку Кеңештин өкүлү Света Болжурова доо арыз боюнча башкы баяндамачы болгон жана доочулар тарапты колдогон Клара Сооронкулованын четтетилишин өтүнгөн.
Сооронкулова ишти кароодон четтетилгенден кийин биометрика тууралуу мыйзамды «мыйзамсыз» деп атаган — ал билдирүү сот-укуктук маселелер жана мыйзамдуулук боюнча парламенттик комитеттин мүчөлөрүнүн нааразычылыгын жаратып, алар Соттор кеңешинен Конституциялык палатанын судьясынын айткандарына баа берүүсүн өтүнгөн. Андан соң Кеңеш Сооронкулованы Конституциялык палатанын судьясы кызматынан бошоткон.
«Адамдын жеке жашоосу үчүн тобокелдик»
Укук коргоочу Нурбек Токтакунов биометрикалык маалыматтардын бирдиктүү базасын түзүү адамдын жеке жашоосу жана мамлекеттик коопсуздугу үчүн тобокелдик жаратарын билдирген.
Юрист бийликтин ал маалыматтарды коопсуз сактай ала тургандыгына ишенбейт.
Мамлекеттик каттоо кызматы биометрикалык маалымататрды топтоодо жана аларды сактоодо көйгөйдөрдүн бар экенин мойнуна алган. Мекеменин башчысынын орун басары Дастан Догоев Каттоо кызматында маалыматтарды сактоону стандартташтырууда көйгөйлөр бар экенин айткан.
«Азыр бул маалыматтар мамлекеттик борбордун электрондук башкаруу ишин аракетке келтирүүнүн алкагында каралып жатат, бирок азырынча бул багытта реалдуу жыйынтыктар жок», — деп билдирген ал 2015-жылдын мартында.
Кыргызстандын президенти Алмазбек Атамбаев 2015-жылдын жайында биометрикалык маалыматтарын тапшыра элек кыргызстандыктар шайлоолордо добуш бере албай тургандыктарын билдирген.
«Мындай укуктар Европа менен АКШнын калкынын кээ бир бөлүгүнө жакында эле берилди. Кеп «караңгы» калк, аялдар тууралуу болууда. А бүгүн болсо кээ бирөөлөр өз бармак издерин тапшыруудан эринип жатышат. Демек, андай адамдар шайлоо процессине катышуу үчүн бышып жетиле элек», — деп билдирген анда президент.
Соавтор: Алтынай Джалмамбетова
Сүрөт: Жибек Кубаныч кызы