Бишкек шаардык соту 500 доллар пара талап кылгандыгы үчүн милиционерди 2,5 миллион сом төлөп берүүгө милдеттендирди. Эксперт бул сыяктуу прецеденттер Кыргызстанда «сейрек кездешүүчү көрүнүш» болуп эсептелерин айтууда.

10-сентябрда Бишкек шаардык соту 500 АКШ доллары өлчөмүндөгү пара талап кылгандыгы үчүн мурдагы милиционер Айбек Балбаевди 2,5 миллион сом айыпка жыкты.

Соттун басма сөз кызматынын маалыматы боюнча, ал жогорудагы сумманы инисин кылмыш жоопкерчилигинен бошотуп, жоопко тартпоо үчүн кыргызстандык бирөөнөн талап кылган.

«[Балбаев] Ч.Р. аттуу кылмышка шектүүнү кылмыш жоопкерчилигине тартпай, бошотуу үчүн анын бир тууган эжеси К.А. аттуу жарандан 500 АКШ доллары өлчөмүндөгү пара талап кылган. Ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө 2009-жылдын 23-июнунда Балбаев А.Н. КР УКМК кызматкерлери тарабынан кармалган», — деп жазылган соттун билдирүүсүндө.

2014-жылы Бишкектин Ленин райондук соту бул иш боюнча милиционерди актаган болчу.

Коррупцияга каршы ишкердик кеңештин төрайымы Нурипа Муканова Kloop.kgге берген маегинде Кыргызстанда мындай прецеденттер «сейрек учуроочу көрүнүш» болуп эсептелерин айтты.

«Бизде коррупцияга каршы күрөшүүсү керек болгон укук коргоо органдары факты жүзүндө ал коррупцияны өзүлөрү жаратып жатышат. Укук коргоо органдарынын кызматкерлерин жоопкерчиликке тартуу фактылары бар болушу мүмкүн, бирок сот аларды айыпка жыкпай эле: аларга карата тарипке чакыруу сыяктуу эскертүүлөр гана берилиши мүмкүн», — деди Муканова.

Ал акыркы кездерде Кыргызстанда паракорчуларга каршы кылмыш иштери көп козголуп жатканын, бирок сотко жеткенден кийин «анын бардыгы урап калып жатканын» белгиледи. Анын айтымында, корруцияга айыпталган адамды толугу менен актап жиберген учурлар да бар.