Бишкек мэриясы 15-октябрдан тарта Киев жана Бөкөнбаев көчөлөрүн бир тараптуу кылганы жатат. Аталган көчөлөрдөгү бир тараптуу кыймыл шаардын борбордук көчөлөрүн бошотуп, кечки маалда Чүй проспектисиндеги кыймылды чектөө зарылчылыгын жоет деп күтүлүүдө.