Милиционерлерди «апасы» жана «ИИМдеги Бауржан» менен коркуткан Бишкектин жашоочусу сот алдында жооп берет — бул тууралуу шаардык милициянын басма сөз кызматынан билдиришти. Милициянын версиясы боюнча, жаш жигит унаасын мас абалында башкарып бара жаткан.

Бишкектин жашоочусу менен милиция кызматкерлеринин ортосундагы чатакташуу тартылган видео zanoza.kg агенттигинин сайтына 15-сентябрда чыккан. Анда жаш жигит милиционерлерди «апасы» жана «ИИМдеги Бауржан» менен коркуткандыгы көрсөтүлгөн.

Видеонун соңунда аны милиция кызматкерлери күчтөп өз автоунаасына отургузушкан.

Бишкек милициясынын басма сөз кызматынын өкүлү Анна Жукова Kloop.kgге окуя 12-сентябрь күнү кечинде Чүй проспектиси менен Сүйөркулов көчөсүнүн кесилишинде болгонун айтты.

Милициянын версиясы боюнча, жаш жигит «Мерседес-Бенц» үлгүсүндөгү автоунаа менен каршы тилкеге чыгып, милиция унаасынын жолун тороп токтотуп, кафени көздөй жөнөгөн.

«Ал ИИМдин кызматкери менен коркутуп, апасына телефон чалып баштаган. Бирок жыйынтыгында аны унаасына отургузушуп, Республикалык норкология борборуна алып барышкан — анда канында алкоголдун бар экендиги аныкталган», — деди Жукова.

Учурда бишкектиктин унаасы айып унаа токтотуу жайында, а иш сотко өткөрүлүп берилди. Басма сөз кызматтын өкүлүнүн айтымында, ал «транспортту мас абалында башкаргандыгы» үчүн айып пул төлөшү керек.

«Аны кое беришти, анткени ал Кылмыш кодексин эмес, а Административдик кодексти бузган. Материалдар сотко берилди. Ал өзүнүн күнөөсүн мойнуна алган-албагандыгы жана качан соолукканы белгисиз», — деп кошумчалады Жукова.

«Бауржан деген бирөө» жана апасына телефон чалуу

Айдоочу тууралуу жаңылык биринчилерден болуп zanoza.kg онлайн-басылмасында пайда болгон. Алардын маалыматы боюнча, Бишкектин жашоочусу милицияга каршылык көрсөтүп, аларды Бауржан  деген бирөө менен коркуткан. Айдоочунун айтымында, Бауржан Ички иштер министрлигинин Жеке коопсуздук башкармалыгынын кызматкери болуп эсептелет.

«Сен рулга отурбайсың, бул менин жеке унаам, түшүндүңбү? [жүргүнчүсүнө кайрылып] Бауржанды чакыр!», — деп билдирген ал милиция кызматкерлери менен болгон чатакташуусунун жүрүшүндө.

Андан соң айдоочу жанындагысынан апасына чалуусун өтүнгөн.

«[милиционерге] Сенде мага тийүүгө укугуң барбы? Конституцияны билесиңби? [жүргүнчүгө кайрылып] Э, апама чал», — деп кыйкырган айдоочу.

Бир аз чатакташкан соң айдоочуну автоунаага отургузуп, Свердлов райондук ички иштер башкармалыгына жеткирүүгө мүмкүн болгон. Учурда ИИМ Бишкектин ал тургуну менен «Бауржандын» ортосундагы байланышты текшерүүдө.