Айнектерин караңгылатуу, чиновниктердин өтүшү үчүн жолдордун тосулушу жана жол милициясы тарабынан пара алуулар — активисттер ушул жана башка көйгөйлөрдү кантип чечүүнү сунуштап жатышат?

15-сентябрда жол активисттери Жол кайгуул кызматын (ЖКК) реформалоонун өз версиялары тууралуу айтып беришти. Алардын пикирлеринде, Кыргызстанда жолдордо пайда болгон негизги тогуз көйгөй бар.

Айнектерин мыйзамсыз караңгылатуу

Активисттер айнектерин караңгылатууга же баарына уруксат берилиши керек, же болбосо кызмат абалына карап жеңилдик катары эч кимге уруксат берилбеши керек деп эсептешет.

Транспорт салыгынын төлөнгөн-төлөнбөгөндүгүн текшерүү

Алар айдоочу сөзсүз түрдө жанында алып жүрүшү керек болгон документтердин тизмесинен транспортко салык төлөнгөндүгүн ырастаган дүмүрчөктү алып салуу керек деп эсептешет. Активисттер аны ЖККнын абийирсиз кызматкерлери үчүн «кошумча каражат табуу жолу» деп атап жатышат.

«ЖКК кызматкерлери жол коопсуздук кыймылын көзөмөлдөө боюнча өзүлөрүнүн түздөн-түз милдеттери менен алектенишпейт. Анын ордуна алар Салык кызматынын милдети болуп эсептелген салык төлөбөгөн айдоочуларды аныктоо менен алек», — деп билдиришүүдө активисттер.

Мажбурлап эвакуациялоо

Активисттер айып унаа токтотуу жайлары менен автоунааларды мажбурлап эвакуациялоону мыйзамдаштырууну сунуштап жатышат.  «Адамдардын ашыкча акча төлөбөшү үчүн эвакуаторлор менен айып унаа токтотуу жайлары мамлекеттик болушу керек», — деп эсептейт активист Максим Золотых.

Инспекторлордун кызмат учурунда жеке автоунааларын пайдаланышы

Кызмат учурунда инспекторлорго жеке автоунааларын пайдаланууга уруксат берүү тууралуу буйрук — активисттердин жол милициясына карата айткан кийинки дооматы.

«[Бул буйрук] жолдордогу авариялуу абалдар менен андагы адамдардын каза болуу көйгөйлөрүн чечпейт. Биз ал буйрукту жокко чыгарып, негизги көңүлдү эреже бузууларды тартып алчу камераларды орнотууга бурууга чакырабыз», — деп билдиришти алар.

Чиновниктердин өтүшү үчүн жолдорду тосууну токтотуу

Активисттер мамлекеттик чиновниктердин өтүшү үчүн жолдорду тосууга тыюу салууну сунуштап жатышат. Алардын айтымдарында, «муну миңдеген адамдар кескин айыпташат». Алар өлкө жетекчилерин «элдин керектөөлөрүн угуп, аларды түшүнүү» үчүн калктын «жанында болууга» чакырышууда.

Жол эрежесинин бузулушун көзөмөлдөөнү автоматташтыруу

Ошондой эле алар жол эрежесин бузууларды өлчөө үчүн Бишкектин көчөлөрүнө камераларды орнотуу боюнча пилоттук долбоорду ишке ашырууну сунуштап жатышат.

ЖКК кызматкерлеринин айдоочулар менен кызматташуусу

Жолдордогу эрежелердин сакталышына «жалпы жарандык көзөмөл» орнотуу сунушталууда. Активисттердин айтымдарында, ал үчүн «социалдык абалына, статусуна жана наамдарына карабастан жазанын сөзсүз боло тургандыгынын» кепилдиги керек.

«Биз коопсуз шаар долбооруна өтүүнүн алкагында камераларды орнотууга жана алардын ишин жөндөөгө өтө көп акча кетээрин түшүнүп жатабыз, ошондуктан ал долбоорго өтүү маалында биз өз жардамыбызды сунуштап жатабыз. Мен бардык айдоочулар менен жөө жүргүнчүлөр четте калбайт деп ишенем», — деди Баратов.

Ал ЖККга айдоочулар менен тыгыз кызматташууну сунуштоодо — алар тараптан жөнөтүлгөн бардык видеолорго реакция жасап, аларда аныкталган эреже бузгандарды жазалоо.

Баратов алар милиционерлерди бардык техникалык көнүгүүлөрдү бекер үйрөтүүгө даяр экендиктерин айтты.

ЖККны «элиталык кызматка» айлантуу

ЖКК кызматкерлеринин иш шарттарын жакшыртуу, алардын эмгегин оптималдаштыруу, айлыктарын жана башка бонустарды кыйла жогорулатуу. Активисттердин пикирлеринде, бул аракеттер кызматты элиталуу кылышы керек. Алар айтылган иштер аткарылгандан кийин «пара алуу зарылдыгы жоюлат» жана «кызматтын имиджи көтөрүлөт» деп эсептешет.

Кызматтын көйгөйлөрүн коомчулук менен талкуулоо

Активисттер ЖКК өз көйгөйлөрүн алып чыгып, коомчулук менен диалогго барбай, сырттагылардын пикирин эске албастан өзүнөн өзү реформаланбайт деп эсептешет.

«Биз ЖКК өзүнө өзү реформа кыла алат дегенге ишенбейбиз. Реформа жогору жактан жасалышы керек — биздин кайрылуубуздун башкы идеясы мына ушунда», — деди Баратов.

Активист Эрулан Кокулов ИИМ башчысы менен мамлекет жетекчилиги кайсыл бир көйгөйдү чечүүдө жарандык ишмерлер менен «байланышка чыгуусу керектигин» айтты.

«Мамлекет менен ЖКК биз менен байланышка чыкпай эле. Бирок биз буга үмүттөнөбүз», — деп билдирди ал.

Активисттер тобу Кыргызстандын президентинен алар тараптан көтөрүлгөн маселелерди жеке көзөмөлүнө алуусун өтүнүштү, а өкмөттү — сунушталган чараларды деталдуу талкуулоо үчүн алар менен жолугууга чакырышты.

ЖККнын жетекчилиги Kloop.kgге жарандык активисттердин сунуштары боюнча түшүндүрмө бере тургандыгын убадалады.