Беларустун Ички иштер министрлиги өз сайтына кыргыз «криминал төбөлү» Алманбек Анапияевдин өлүмүнүн күбөсү болушу мүмкүн делген адамдын сүрөтү менен ал тартылган видеону жарыялады.

Күбө болушу мүмкүн делген адамдын сүрөтү менен ал тартылган видео мекеменин сайтына 17-сентябрда жарыяланды.

«ИИМ жасалган кылмыш тууралуу маалыматка ээ болушу мүмкүн болгон адамдын тек жайын тактоодо», — деп жазылган сайтта.

Министрлик видеодогу адам тууралуу кандайдыр бир маалыматка ээ жарандарды ал тууралуу баракчадагы номурлар аркылуу кабарлоого чакырган.

Билдирүүдө андагы белгисиз адам ушул жылдын февралынын аягында жасалган кылмыштын күбөсү болушу мүмкүндүгү жазылган — анда Минсктин Либкнехт көчөсүндө «Мерседес» үлгүсүндөгү автоунаанын багажынан «кыйнап өлтүрүү белгилери бар эркек адамдын денеси» табылган.

ИИМдин сайтында сүрөттөлгөн ал кылмыштын жагдайлары толугу менен кыргыз криминал төбөлү Алманбет Анапияевдин өлүмүнүн жагдайы менен дал келет.

Анапияевдин өлүмү жана реакция

Кыргыз милициясы тарабынан криминал төбөлү деп эсептелген Алманбет Анапияев Минскте 2015-жылдыг февралынын аягында өлтүрүлгөн. Анын мууздалган денеси «Мерседестин» багажынан табылган.

Кийинчерээк өлтүрүлгөн «криминал төбөлүнүн» сүрөтү интернетке жарыяланган. Анапияевдин жактоочусунун айтымында, туугандары анын денесин көрүп, аны таанышкан.

Анын өлүмүнүн күбөсү Гүлжигит Абилазизов «криминал төбөлүнүн» өлүмүнө 2010-жылдагы революциядан бери Минскте жашырынып жүргөн мурдагы президент Курманбек Бакиевдин бир тууганы Жаныш Бакиевдин тиешеси бар экенин билдирген.

Анапияевдин өлтүрүлүшү Кыргызстан менен Беларустун ортосундагы мамилесине терс таасирин тийгизген. Кыргыз президенти Алмазбек Атамбаев расмий Минскти Бакиевдерди жаап-жашырууга айыптаган.

Кыргыз президентинин билдирүүсү кыйла эле эмоционалдуу болуп, Беларустун Тышкы иштер министрлигинин негативдүү реакциясын жараткан. Өлкөнүн сырткы саясат боюнча мекемеси кыргыз лидери өз сөзү менен аларды «кемсинткендигин» билдирген.

«Криминал төбөлү»

Алманбет Анапияев 2011-жылдан бери Кыргызстандын Башкы прокуратурасынын сурамы боюнча эл аралык издөөдө. Ал Кылмыш кодексинин «адам уурдоо», «каракчылык» жана «адамды мыйзамсыз эркиндигинен ажыратуу» беренелери боюнча айыпталууда.

Жактоочу Жыргалбек Бабаев бул айыптоолорду «далилсиз» жана «божомолдоолордон куралган» деп атаган. Юристтин айтымында, ал жактоого алган адамга карата айтылган айытоолордун бардыгы тең «божомолдоолор менен ой жоруулардан» куралган.

Андан сырткары Анапияев укук коргоо органдары тарабынан 2009-жылдын мартында президенттин администрациясынын экс-башчысы Медет Садыркуловду өлтүрүүгө тиешеси бар деп шектелип келген.

2014-жылдын июлунда Анапияев Кыргызстанга келип тергөө менен кызматташууга даяр экендиги, бирок ага карата «адилеттүү тергөөнүн» болушун талап кылгандыгы тууралуу кабарланган болчу.

Ошондой эле Анапияев АКШнын бийлиги тарабынан түзүлгөн «Братский круг» аталышындагы эл аралык криминал авторитеттердин евразиялык тобунун тизмесине кирген.