Өткөн дем алыш күндөрү Берлинде Lollapalooza Berlin 2015 музыкалык фестивалы өтүп, ага көрүүчү катары Kloop.kgнин редактору Азамат Өмүралиев катышып келди. Ал фестиваль тууралуу даярдаган экинчи жана акыркы атайын репортажында Muse, Run The Jewels жана Сэм Смиттин аткарууларынан алган таасирлери менен бөлүшүп, алардын сахнадагы аткаруулары тартылган видеолорун жайгаштырат.
Тема боюнча: Kloop.kgнин редактору Lollapalooza фестивалында, биринчи күн: Macklemore жана Chvrches
Баяндоо Азамат Өмүралиевдин атынан жүрөт. Бардык видеолор менен сүрөттөр авторго таандык.
Фестивалдын экинчи күнүндө эйфория жоголуп, анын ордун практикалык байкоолор ээледи. Албетте эки күндүк фестиваль таптакыр тажрыйба эмес, бирок төмөндөгү пункттардын кээ бирлери Лоллапалуцанын масштабындагыдай музыкалык фестивалдардан кескин айырмаланат дегенден күмөнүм бар.
Биринчиден, фестивалда күтүлгөндөй эле өтө кымбат суусундуктар менен тамак-аштар болду. Биринчи күнү эмнегедир бул тууралуу ойлонбоптурмун, бирок экинчи күнгө жакшылап даярдандым. Бир бөтөлкө суу, эки бутерброд жана жемиштер мени легендардуу Museни күткөн узак убакытта ачкалыктан сактап калды.
Мында да экинчи пунктка кайрылууга болот. Албетте, фестивалдагы каалаган концертке анын башталар алдында барууга болот, бирок ал толугу менен начар орундарды кепилдейт эмеспи.
Ырдай турган артистке жараша сахна алдындагы орундар 20 мүнөт эрте, а кээ бирде 2 саат эрте толуп калып жатты.
Мага Run The Jewels менен Chvrchesтин концертине 15 мүнөт гана эрте келүү жетиштүү болду — жыйынтыгында мен дээрлик сахнанын жанында турдум. Бирок Сэм Смиттин концертинде ушундай эле орунга жетүү үчүн мага бир саат, а Museтин концертине эки жарым саат эрте келүүгө туура келди.
Үчүнчүдөн бир эле сахнага көңүл буруп, ошол жакта эле тура берүү жарабайт. Ар кайсы аянтта ар кайсы аткаруучулар ырдашат: мисалы, мен My Morning Jacket тобу тууралуу таптакыр уккан эмесмин, бирок аларды көрүү мага абдан кызык болду. Ошондой эле жөн гана фестивалдын аймагын кыдырып басып келүү да жагымдуу: уюштуруучулар көпчүлүк учурларда түрдүү оюн-зооктор орун алган атайын бурчтарды уюштурушат.
Бирок музыкалык фестивалда эң негизгиси музыка эмеспи. Экинчи күнү бул жаатта менин жолум болду десем болот: Museни жандуу угуу менин балалык кезимдеги кыялым болчу, Run The Jewelsти андан кем эмес көргүм келип жүргөн. Анан да Сэм Смит — өтө жагымдуу болду.
БҮЙҮРДҮ КЫЗЫТКАН ЖАНА ЭЭ БЕРБЕГЕН RUN THE JEWELS
Фестивалдар — либералдуу маанайлардын аянтчасы, бул эки күн аралыгында артисттердин өзүлөрү да түрдүү өлкөлөрдүн өкмөттөрүн сынга алышты. Мисалы, Маклмор Кошмо Штаттарда бир жыныстуулардын баш кошуусун кеч мыйзамдаштыргандыгы жана качкындар көйгөйү тууралуу сөз кылса, Run The Jewels анархизм идеясын пропагандалады.
Run The Jewelsтин сахнага ‘We Are The Champions’ ыры менен чыгуусу
Чынында бул кыйла таң калычтуу сезилди: артисттер мындай жол менен өз ырларынын чыныгы мазмунун угармандарына жеткиришет. Бирок экинчи жагынан бул чогулгандарды ордунан козгойт.
Бирок Run The Jewels менен хип-хоп дуэт түзгөн легендардуу Killer Mike жана El-P чогулган угармандарын андай чагымчылдыктарсыз эле ордуларынан козгой алышты. Сахнага Queen менен чыгышы, ар бир ырынын башында ‘hey, hey, hey’ деп кыйкырып, кырк жаштагы рэперлердин ордуларынан секирүүсү — абдан көңүлдүү көрүнүш.
Run The Jewels — Close Your Eyes
Run The Jewelsтин тректерин аткаруусу кыйла болжолдонгондой, бирок абдан орундуу болду: биринчи альбомуна караганда экинчи альбомундагы ырлар көбүрөөк аткарылды.
Баарынан да бир сааттык концерттин соңунда ‘Christmas Fucking Miracle’ чыгармасын угуу укмуш жана абдан жагымдуу болду, ал жалпы сезимдин козголушун бир аз төмөндөтүп, сонун сезимдерде калтырды.
СЭМ СМИТ ЖАНА АГА КОШУЛУП ЫРДАГАН СТАДИОН
Британиялык ырчы Сэм Смит сахнага чыгары менен дароо эле суук тийгизип алгандыгы үчүн кечирим сурады. Ал үнү «баканыкындай болуп» чыгарын эскертип, концертти сонун, жөнөкөй жана баарына белгилүү болгон ‘I’m Not The Only One’ ыры менен баштады.
Сэм Смит — I’m Not The Only One
Албетте, аны коштоп бүтүндөй стадион толугу менен ырдады. Өтө катуу жана ынтымактыкта ырдашты. Анын масштабын түшүнүү үчүн жөн гана жогорудагы видеонун 2:33чү убактысына жылдырсаңыз жетиштүү болот.
Концерт толугу менен ушундай маанайда өттү. Биринчи ыр, экинчи, бешинчи, онунчу — стадион дуулдап турду. Ырлардын куплеттерин дагы, кайырмаларын дагы кошулуп ырдашты. Фестивалдагы концерттердин башка биринде да мындай болгон эмес.
‘La La La’ ырынан үзүндү
Disclosure дуэтинин ‘Latch’ ырынын акустика версиясы
Чынында Смиттин ырларынын бардыгы эле өзүнчө көңүл бурууга татыктуу эмес, бирок бул өтө ынтымактуу жана жайбаракат атмосфера анын аткаруусундагы ар бир начар ырды унуткарып турду.
Лоллапалуцадагы ырчылардын көбү сыяктуу эле Смит дагы угармандары менен көп сүйлөштү. Жеке өзүнүн жана стадиондун күлкүсүнүн коштоосунда эки тараптан тең бирдей сезим болбогон сүйүүнүн тарыхы тууралуу айтып берип, бир жыныстуулардын никеси темасына да кайрылып кетти.
Андан сырткары Смит жеке өзүнүн гана ырларын ырдаган жок. Ал Disclosure дуэтинин ‘Latch’, ошондой эле анчалык популярдуу эмес ‘Together’ чыгармаларын аткарды. Дагы ал радиолордо өтө узак убакыт бою берилип келген ‘La La Laны’ ырдап, күтүлбөгөн жерден Эми Уайнхауз жана Марвин Гей менен кавер аткарды. Анын аткаруусундагы ‘Tears Dry On Their Own / Ain’t No Mountain High Enough’ Дрэйктин жакындагы эле ‘Hotline Blingгинин’ каверинен кыйла жакшы угулду.
СТАДИОН РОГУНУН КОСМИКАЛЫК ПАДЫШАЛАРЫ: MUSE
Мен Museни жакшы көрчүмүн. Өзгөчө кичинекей кезимде. Алардын ырынын жарымын жатка билчүмүн. ‘New Born’ чыгармасынын ноталарын үйрөнүп, пианинодо ойноп калгам. Лондондогу О2 стадионундагы концерттерин көрүп, аларды эч качан жандуу көрбөйм деп кайгырчумун.
Бирок көрдүм.
Чынын айтсам, мен концертке эки ача сезимде баргам. Бир четинен скепсис: Muse көптөн бери мурдагыдай эмес жана эч качан улуу альбомдор менен ырлардын авторлору болушкан эмес.
Экинчи жагынан болсо балалык кыялды эстөө. Жыйынтыгында экинчи жагы жеңип кетти да мен ошол эле маалда башка сахнада ырдап жаткан Tame Impala тобуна барбай, Museнин концертине эки саат эрте барып алдым. Сахнага жакыныраак болуп, Мэттью Бэлламинин секириктери менен кыймыл аракеттерин жакындан көрүү үчүн.
Менин бул аракетин ага арзыды. Жандуу ырдоо жагынан алганда Muse 2000-жылдарда калыптыр — эч кандай ашыкча аракет жок, угармандарына карата кыска гана ‘Hi Berlin’ деген сөздөрдү айтуу менен бир жарым саат бою тынымсыз музыка ойношту. Эч кандай атайын эффектилер же укмуштуудай лазер шоулар болгон жок. Экрандарда арзан жана жөнөкөй эле видеотасмалар.
Лоллапалуцада эч ким мындай кылган эмес. Macklemore салюттар, фейерверктер жана жалындуу оттор менен чыкса, Belle & Sebastian ырдаганына караганда чогулгандар менен көбүрөөк сүйлөшкөндөй болду. А Muse жөн гана чыгармаларын аткарды.
‘Hysteria’ ырынан үзүндү
Лоллапалуцада эч ким мындай ойногон эмес. Топ негизделгенден бери (а анын негизделгенине 21 жыл болду) Muse стадион рогунун падышасы наамын коргоп келген жана коргоосун улантууда.
Мында кеп ырлардын өзүндө да эмес. Баарынан да топтун Ablsoution, Origin of Symmetry жана Black Holes & Revelations сыяктуу алгачкы альбомдорундагы ырлары жакшы жана жагымдуу угулду. Бирок анчалык эмес деп эсептелген The 2nd Law жана Drones чыгармалары менен да топ стадиондо кайталангыс, айтып түшүндүргүс энергетиканы сактап тура алды.
Сахнада секирип, жарышып жүрөн Бэллдер. Барабанчынын эки мүнөттүк солосу. ‘Knights of Cydonia’ чыгармасынын башталышында күтүүсүз ойнолгон гармошка.
Мунун бардыгын видео өзүндөй кылып жеткире албайт. Дүйнөдөгү бир дагы видео. Жакшы трансляция дагы, BBCнин репортажы дагы.
‘Time Is Running Out’ ырынан үзүндү
Анын баарын жандуу көрүү керек. Lollapalooza Berlin 2015тин биринчи күнүндө мен мындай иш-чараларда эң башкысы — бул эмоциялар экенин түшүнгөм. Экинчи күнүндө болсо андай эмоцияларга жетишүү үчүн эң керектүү нерсе — бул атмосфера экенин баамдадым.
Космикалык, жерде жок накта уникалдуу атмосфера.