Орусиянын айыл чарба министри Александр Ткачёв Орусияда тыюу салынган азык-түлүктөрдү Евразиялык экономикалык биримдикке мүчө өлкөлөрдүн аймактарында да жок кылууну сунуштады. Азырынча Кыргызстандын бийлиги ал сунушка карата эч кандай реакция жасай элек.

Ткачёв бул тууралуу 16-сентябрда Сочиде өткөн Орусия менен Казакстандын кызматташтыгынын  XII форумунда билдирди, деп жазды Би-Би-Си.

Анын айтымында, Орусиянын ЕАЭБ боюнча өнөктөштөрү — Кыргызстан, Казакстан, Беларусь жана Арменияга дагы тыюу салынган азык-түлүктөрдү жок кылууга кошулса жакшы болот.

«Анда биз ак ниеттүү инвесторлорго, өндүрүшчүлөргө жол ачабыз. Мындан бардыгы тең утушка гана ээ болушат», — деп жазган Би-би-си Ткачёвго шилтеме жасап.

Орусиянын Айыл чарба министрлиги азык-түлүктөрдү жок кылуу тууралуу келишимге ушул жылдын октябрында кол коюу ниетинде, деп жазды РИА Новости агенттиги министрдин айткандары боюнча.

«Казакстандын, Армениянын жана Кыргызстандын айыл-чарба министрликтери — биз октябрда Москвада өтө турган «Алтын күз» көргөзмөсүнүн алкагында ушундай келишим түзүүгө ниеттенип жатабыз жана бүгүн аталган өлкөлөрдүн өкмөттөрүнө чек арадагыдай эле өлкө ичинде дагы санкциялык, сапатсыз азык-түлүктөрдү жок кылууга айыл чарба министрликтерине ыйгарым укук берүү боюнча кайрылабыз», — деп билдирди Ткачёв.

РБК басылмасынын билдирүүсү боюнча, Орусиянын Өнөр-жай жана соода министрлиги мыйзамсыз азык-түлүктөрдүн бардык түрлөрүн жок кылуунун жаңы эрежелерин иштеп чыккан. Документ жакынкы убактарда өкмөткө өткөрүлүп берилиши керек.

«Алсак, мекеменин башчысынын орун басарынын айтымында, мыйзамсыз товарларды жок кылуу жол-жобосун кыйла жөнөкөйлөштүрүү сунушталууда», — деп жазган РБК.

Азырынча Кыргызстандын өкмөтү Ткачевдун бул сунушуна эч кандай реакциясын билдире элек. Министрлер кабинетинин басма сөз кызматы Kloop.kgге кийинчерээк комментарий берүүнү убадалады.

Санкциялык азык-түлүктүн жок кылынышы

Орусиянын бийлиги тыюу салынган азык-түлүктөрдү 2015-жылдын августунан тарта массалык түрдө жок кылып баштаган — бул Крым аннексиялангандан кийин Батыш өлкөлөрү тарабынан Орусияга каршы киргизилген санкцияларга жооптуу аракеттердин бири болууда.

Орусияда биринчилерден болуп Белгород облусунда 10 тонналык быштактын партиясы жок кылынган.

Мыйзамга ылайык, азык-түлүктөрдү «каалаган жеткиликтүү ыкма» менен жок кылууга болот, бирок күбөлөрдүн көзүнчө жана видеого түшүрүп алуу шарты менен.

Орусия ага каршы киргизилген санкцияларды колдогон өлкөлөрдөн келген бир катар азык-түлүк түрлөрүнө чектөөлөрдү киргизген — алар Европанын көпчүлүк өлкөлөрү, АКШ, Австралия жана Канада.

Өлкөнүн өкмөтү тарабынан аныкталган азык-түлүктөрдүн санкциялык тизмесине эт жана сүт азыктары, балык, жер-жемиштер жана жаңгактар киргизилген.

Азык-түлүктөргө чектөө киргизилгенден бир нече күн өткөн соң Орусияда азык-түлүктүн бир нече түрлөрүнө болгон баалар кескин жогорулап кеткен.