Программалык камсыздоо өндүрүшү менен алектенген Mircosoft Corporation ири компаниясынын стартаптар боюнча адиси Элисс Сасс Kloop.kgге эксклюзивдүү маек курду. Анда ал Кыргызстандын дүйнөлүк рыноктогу мүмкүнчүлүктөрү жана кичи аймактуу жана калкынын саны аз өлкөнүн артыкчылыктары тууралуу айтып берди.

Урматтуу окурмандар! Плеерде орусча субтитрлер бар — аны иштетүү үчүн плеердин төмөнкү жагындагы тик бурчтуу баскычты басыңыздар.

Бишкекте Garage48 коому тарабынан уюштурулган иштеп чыгуучулардын Борбордук Азиядагы алгачкы форуму болуп өттү. Иш-чаранын катышуучулары коомдук көйгөйлөрдү чечүүлөрү керек болгон интернет-индустриясындагы өздөрүнүн жаңы идеяларын (стартаптарын) тааныштырышты.

Иш-чарада жергиликтүү иштеп чыгуучулар, дизайнерлер, программисттер жана жарандык активисттерден турган 16 команда баш байге — интернет-индустриясы жана программалык камсыздоо боюнча ири компаниялар менен жолугушууга Эстония жана Финляндия өлкөлөрүнө баруу үчүн ат салышышты.

Калыстар тобунун мүчөсүнүн бири Кыргызстанга атайын Garage48дин форумуна катышуу үчүн келген Mircosoft компаниясынын стартаптар боюнча адиси Элисс Сасс болду.

Ал Кыргызстандын кичинекей аймагы менен калкынын көп эместиги Skype иштелип чыккан Эстониядагыдай болуп жергиликтүү иштеп чыгуучуларга дүйнөлүк рынокко чыгууга мүмкүндүк берерин белгиледи.

Элисс Сасс кичинекей өлкөдө чоң потенциалдар бар экенине ишенет жана жергиликтүү иштеп чыгуучулар менен стартаптар алгач өлкөнүн ичиндеги көйгөйлөрдү чечүүгө умтулуулары керектигин белгиледи — бул интернет-технологиялардын дүйнөлүк индустриясын көздөй жакшы кадам болот.

Форумда компанияларга интернет-колдонуучулар тууралуу маалыматтарды анализдей турган инструменттердин жардамы менен көбүрөөк кардарларды табууга жардам берчү атайын сайтты түзүүнүн үстүнөн иштеп жаткан команда жеңишке жетти.