Белгисиз адамдар аларды Бишкектеги «Ала-Тоо» амфитеатрынын ичине киргизбей коюшкандан кийин имаратты көздөй таштарды ыргытышты. Анда аралаш стилдеги мушташ өнөрү боюнча MMA JFC чемпионаты мелдештер өтүп жаткан.

Болжол менен саат 20:00дөрдө мушташтар өтүп жаткан амфитеарга кире албай калгандар имаратты көздөй таштарды ыргытышты. «Ала-Тоонун» ичиндеги көрүүчүлөр ыргытылган таштардан коргонуу үчүн баштарын отургучтар менен калкалашты.

«Ала-Тоодо» аралаш стилдеги мушташ өнөрү боюнча ММА JFC мелдештери өтүп жаткан. Анда башкы мушташ америкалык мушкер Джефф Монсон менен кыргыз депутаты Замирбек Сыргабаевдин беттешүүсү болду.

12047562_913418308736876_1744831500_n

«Сырттан таштарды ыргытып башташты, күзөтчүлөр ошол тарапка чуркап кетишти. Көрүүчүлөр болсо баштарын отургучтар менен калкалашты. Анан көп өтпөй баары тынчыды. Аларды таркатышты окшойт», — деп билдирди Kloop.kgнин амфитеатрда жүргөн кабарчысы Дмитрий Мотинов.

12032306_440629142809794_611383673_n

Kloop.kgнин «Ала-Тоонун» сыртында жүргөн кабарчысы Виталий Белошапкин амфитеатрдын сыртындагы адамдар билеттеринин бар экенине карабастан мелдешке кире албай калгандыктарына нааразы болуп жаткандыктарын билдирди.

«Мында Кыргызстан-Австралия беттешиндегидей абал болууда. Имараттын ичине билеттери жок көп кишилерди киргизип жиберишип, билеттери барлар кире албай калышкан. Бир саат мурун ызы-чуу болушуп, таштарды ыргытышкан, бирок милиция келип баары тынчыды», — деди ал.

Кабарчынын айтымында, сыртта тургандардын жарымына жакыны амфитеатрдын ичине кире алышкан, а калгандарын милиция сүрүп чыккан.

12026424_440628886143153_562612365_n

Бишкектин укук коргоо органындагы булак Kloop.kgге учурда ал жакта Октябрь РИИБсинин кызматкерлери бар экенин жана абал «нормалдуу» экенин айтты.

Видео: Монсон менен Сыргабаевдин беттеш алдындагы таразага түшүүсү: