Аралаш стилдеги мушташ өнөрү боюнча чемпионат маалында «Ала-Тоо» амфитеарына таш ыргыткандардын төртөөсүнө кылмыш иши козголду. 19-сентябрда өткөн мелдештин башкы мушташы америкалык мушкер Жефф Монсон менен кыргыз депутаты Замирбек Сыргабаевдин беттеши болгон.

19-сентябрь күнү кечинде амфитеатрга таш ыргыткан 38 киши жазага тартылат. Бул тууралуу Kloop.kgге Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынан кабарлашты.

Алардын 32сине административдик протокол түзүлүп, төртөөнө кылмыш иши козголду.

«Жыйынтыгында 32 жаран кабылдамага жеткирилип, ал окуя боюнча материалдар Октябрь РИИБсине берилди. […] Төртөөсүнө «Бейбаштык» беренесинин негизинде кылмыш иши козголду, ал иштер эки ай каралып, андан соң материалдар сотко жөнөтүлөт», — деп билдиришти борбордук милициянын басма сөз кызматынан.

Болжол менен саат 20:00дөрдө мушташтар өтүп жаткан амфитеарга кире албай калгандар имаратты көздөй таштарды ыргытышкан. «Ала-Тоонун» ичиндеги көрүүчүлөр ыргытылган таштардан коргонуу үчүн баштарын отургучтар менен калкалоого мажбур болушкан.

Ал убакта анда аралаш стилдеги мушташ өнөрү боюнча ММА JFC мелдештери өтүп жаткан. Мелдештин башкы мушташ америкалык мушкер Джефф Монсон менен кыргыз депутаты Замирбек Сыргабаевдин беттешүүсү болгон.

Мушташтар болуп жаткан маалда амфитеатрдын сыртында жүргөн адамдар Kloop.kgнин кабарчысына «аларды билеттеринин бар экенине карабастан» имараттын ичине киргизбей жаткандыктарын айтып, нааразычылыктарын билдиришкен болчу.