Британ парламентинин мүчөсү, лорд Мегхнад Десаи мыйзам чыгаруу органынын жыйынында Жакынкы Чыгыш өлкөлөрүнөн келип жаткан качкындарды Борбордук Азия өлкөлөрүнө жайгаштыруу боюнча БУУга кайрылууну сунуштады. Анын айтымында, качкындарга «мусулман өлкөлөрүндө» болуу жеңилирээк болот.

Лорд Десаи британ парламентинин 16-сентябрдагы жыйынында Европа өлкөлөрүндөгү миграция көйгөйлөрүн чечүүнүн «утопиялык жолун» демилгеледи. Ал Жакынкы Чыгыш өлкөлөрүнөн келип жаткан качкындарды Борбордук Азия өлкөлөрүнө жайгаштырууну сунуштады — анын айтымында, Европа биримдиги «аны [демилгени] колдоого алып, каржылык жардам көрсөтүүсү керек».

Британ парламентарийи билдиргендей, Борбордук Азияда «калктын жыштыгы Европанын калкынын жыштыгынын жүздөн бир бөлүгүн түзгөн» аз калктуу өлкөлөр бар: Түркмөнстан, Тажикстан, Монголия жана башкалар.

«Бириккен Улуттар Уюму болушунча көп сандагы мигранттар менен качкындарды аталган өлкөлөргө жайлаштырууну уюштурса дейм. Европа биримдиги аны колдоп, каржы жактан жардам бериши керек», — деп сунуштады парламентарий.

Лорд Десаи Жакынкы Чыгыштан келген качкындардын борборазия өлкөлөрүнө көнүшүп кетүүсү кыйла жеңил болот деп эсептейт. Айтымында, анткени ал мамлекеттердин элдеринин басымдуу бөлүгүн мусулмандар түзөт.

«Биз аталган өлкөлөргө Ливандан, Иорданиядан жана башка жерлерден көптөгөн адамдарды алып барсак болот. Алар мусулман өлкөлөрү. Алардын жашоочулары Сирия жана Ирактан келгендер менен бир динде», — деп белгиледи Десаи.

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинен Kloop.kgнин кабарчысына азырынча лорддун ал билдирүүсү тууралуу уга электиктерин айтышты.