15 жаштагы өспүрүм «анын тамеки чегип атканын көрүп калгандыгы үчүн» беш жаштагы Баходирхон Олимжановду өлтүргөн, — бул окуя 22-сентябрда Ош облусунун Араван районунда болгон. Өспүрүм «баланы скотч менен ороп, талаага таштап кеткен».

Беш жашар баланын өлүмүнүн чоо-жайы тууралуу Ош шаары жана Ош облусунун ички иштер башкармалыгы «Фэйсбук» социалдык түйүнүндөгү баракчасы аркылуу билдирди.

Олимжановдун киши колдуу болгон денеси жергиликтүү милиция жана айыл тургундары тарабынан айыл четиндеги жүгөрү талаасында табылган — ага чейин ата-энеси баласынын жоголгондугу тууралуу билдирген. Табылган кезде баланын колу-буту скотч менен оролгон болчу.

Кылмышка шектүү катары Олимжановдун 2015-жылдын жайында 9-классты аяктаган 15 жаштагы коңшусу кармалган.

Шектүү бала атасынын көзүнчө суракка алынган — анда ал Олимжановду өлтүргөндүгүн мойнуна алган.

«Анын айтуусунда, 2015-жылдын 22-сентябрь күнү болжол менен саат 18:00дор чамасында маркум Баходирхон анын сигарет чегип турганын көрүп, «ата-энесине тамеки чеккендигин айтамын» деп коркуткан. Аны коркутуп коюу максатында үйүнө кирип, скотч алып чыгып, маркум Баходирхонды эгин талаасына алып барган», — деп билдирди Ош милициясы өз баракчасы аркылуу.

Милициянын маалыматы боюнча, андан соң өспүрүм баланын колу-бутун скотч менен байлап, оозун скочтоп туруп эгин талаасына калтырып кеткен.

Айыпталуучуга карата «Адам өлтүрүү» беренеси менен кылмыш иши козголду, учурда ал убактылуу кармоочу жайда камакта.