Сауд Аравиясынын бийлиги ажылык маалындагы тепсендиден улам 717 зыяратчы каза болгондугу тууралуу билдирди. Дагы 863 адам түрдүү даражадагы жаракаттарды алышкан.

Кырсык 24-сентябрда Меккеден алыс эмес жайгашкан Мина шаарында болгон — ал жакка зыяратчылар ажылыктын акыркы күнү шайтанды символдоштурган джамаратка таш ыргытуу үчүн барышат.

Сауд Аравиясынын жарандык коргонуу күчтөрүнүн маалыматтары боюнча, тепсендиден 717 киши каза болгон. Эл аралык «Рейтерс» маалымат агенттигинин маалыматына ылайык, дагы 863 киши түрдүү даражадагы жаракаттарды алышкан.

Булак: «Би-би-си» орус кызматы.
Булак: «Би-би-си» орус кызматы.

Азырынча набыт болгондордун арасында кыргызстандыктардын бар-жоктугу так белгисиз. 2015-жылы Кыргызстанга ажылык сапарга 4185 квота бөлүнгөн.

«Би-би-си» тепсенди Минага бара жаткан жана ал жерден кайра Меккеге кайтып келе жаткан эки топтон турган адамдардын биригүүсүнөн улам пайда болгондугун билдирүүдө.

«Андан соң кыймыл башаламан болуп, адамдар эч-учтарын жогото башташкан. Анда Нигерия, Нигер, Чад, Сенегалдан барган жана башка улуттагы зыяратчылар бар болушкан. Адамдар коопсуз жер издеп бири-биринин үстүнө чыгып башташкан, анын жыйынтыгында кээ бирлери каза болушкан», — деп жазган Би-би-си.

«Рейтерс» 24-сентябрдагы бул кырсыкты 1426 зыяратчы каза болгон 1990-жылдын июлунда Меккеге барчу жолдогу туннелде орун алган кырсыктан кийинки эң чоңу экенин белгилөөдө.

Орусиянын «Медуза» жаңылыктар сайты 2015-жылы дүйнө боюнча ажылыкка 2,5 миллион мусулман баргандыгын билдирүүдө.

«Би-би-си» орус кызматы өз сайтына ажылык маалында Сауд Аравиясында орун алган кырсыктардын тизмесин жайгаштырган:

  • 2006-жыл — шайтанды символдоштурган джамаратка таш ыргытуу маалында пайда болгон тепсендиден 364 зыяратчы набыт болгон;
  • 1997-жыл — өрттөн улам 343 зыяратчы каза болуп, 1500ү жаракат алышкан;
  • 1994-жыл — тепсендиден 270 киши каза болгон;
  • 1990-жыл — Меккеге барчу туннелдеги тепсендиден 1426 зыяратчы набыт болгон.
  • 1987-жылы — Сауд Аравиясынын полициясы менен иранчыл демонстранттардын кагылышуусунун жүрүшүндө 400 киши каза болгон.

Бул акыркы эки апта ичинде Сауд Аравиясында орун алган экинчи кырсык — 11-сентябрда Меккедеги ири мечитке курулуш краны кулап, 100дөн ашык киши каза болуп, дагы 250гө жакын адам жаракат алган.

Жыл сайын миллиондогон мусулмандар Меккеге ажылыкка барышат. Эгер мусулмандын ден соолугу менен каржы мүмкүнчүлүктөрү мүмкүндүк берсе анын ажылыкка баруусу милдеттүү парз.

Быйыл Кыргызстанда ажылык-визалардын баасы 2500 АКШ долларына чейин жеткен.