Спорт ордосуна жакын жайгашкан «Арзу» кафесинде «бомба» бардыгы тууралуу маалымат ырасталган жок. Милиция ал райондогу курчоону алып, кафенин кызматкерлери кайрадан имараттын ичине киришти.

Кафеге «бомба» коюлгандыгы тууралуу телефон чалуу нөөмөт бөлүмүнө 24-сентябрь күнү кечки саат 20:30дар чамасында келип түшкөн. Кафе менен Спорт ордосунун аймагындагы курчоо саат 23:45ке чейин алынбай турду.

Ал жерге келген милиция кызматкерлери Kloop.kgнин кабарчысына окуянын чоо-жайы тууралуу айтып бербестен, жөн гана курчоону алып кетип калышты.

Курчоо алынары менен «Арзунун» жумушчуларын толугу менен кайрадан кафенин ичине кое беришти.

Бул боюнча түшүндүрмө алуу үчүн Ички иштер министрлиги менен Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын расмий өкүлдөрү менен байланышууга мүмкүн болгон жок.

Бишкектин Биринчи май райондук ички иштер башкармалыгынын кабыл алуу бөлүмүнөн «бомбанын» бар болуу ыктымалдыгы тууралуу билдирүү болжол менен саат 20:30дарга келип түшкөнүн билдиришти — ал анонимдүү билдирүү болгон.

Күбөлөрдүн айтымдарында, аймакты курчоого алууга 40тан ашык милиция кызматкери катышкан.

Бул үстүбүздөгү ай ичинде «бомба» бар болушу мүмкүндүгү тууралуу Бишкек шаарындагы экинчи билдирүү — 4-сентябрда белгисиз адам «Детский мир» соода борборунда «жардыруучу зат» коюлгандыгы тууралуу билдирген. Анда укук коргоо органдары эч нерсе табышкан эмес.