Адам укуктары үчүн эл аралык федерация (FIDH) 2010-жылдын жайында «массалык башаламандыктарды уюштуруу» жана «улуттар аралык» кастыкты козутуу» айыптары менен өмүр бою эркинен ажыратылган укук коргоочу Азимжан Аскаровдун эркиндикке чыгарылышы үчүн күрөшө тургандыгын билдирди.

Аталган федерациянын күн мурун Кыргызстанга келген президенти Карим Лахиджинин пикиринде, Азимжан Аскаровго карата «адилетсиз» мамиле болгон жана анын эркиндикке чыгарылышы үчүн күрөш жүргүзүү керек. Ал иши «эл аралык деңгээлде» болгон Аскаровду «улуу укук коргоочу» деп атады.

«Кыргыз бийлиги Аскаровго карата адилетсиз мамиле болгондугун четке кага албайт. […] Ага карата чыгарылган өкүм өч алууга жана жек көрүүгө негизделген жасалма көрсөтмөлөргө негизделген. Ошондуктан биз бийлик менен жолукканда анын бошотулушун өтүндүк», — деди Лахиджи.

FIDH өкүлү журналисттер менен жолугушууда
FIDH өкүлдөрүнүн журналисттер менен болгон жолугушуусу

FIDH Кыргызстандын бийлик органдарынан сырткары Аскаровду эркиндикке чыгаруу өтүнүчүн Ички иштер министрлигинин өкүлүнө, өлкөнүн башкы прокуратурасынын орун басарына жана парламенттин вице-спикерине жөнөтүшкөн.

«Бир дүйнө» укук коргоо кыймылынын төрайымы Төлөйкан Исмаилованын айтымында, чет өлкөлүк укук коргоочулар Аскаров менен жолуктуруу өтүнүчтөрүн 15-сентябрда жөнөтүшкөн, бирок Жаза аткаруу боюнча мамлекеттик кызматтын өкүлдөрү камактагы укук коргоочуга «кирүү жолдорун чектөөгө» күн сайын жаңы себептерди ойлоп таап жатышат.

«Биз манипуляция жүрүп жатканын көрүүдөбүз, анткени Аскаров [АКШнын Мамдепартаментинин] сыйлыгына ээ болгондон кийин ага кирүү жолдору абдан чектелген», — деп билдирди Исмаилова.

Ал укук коргоочуга кирүү жолдорун чектөөгө «өкмөттөн берилген түздөн-туз буйрук» себеп болууда деп эсептейт.

Мамдептин сыйлыгы

АКШнын Мамлекеттик департаменти Аскаровду «Адам укуктарын коргоочу» сыйлыгы менен 2015-жылдын 16-июлунда сыйлаган. 2010-жылдын жайында ал «массалык башаламандыктарды уюштурууга» жана «укук коргоо органынын кызматкеринин өлтүрүлүшүнө катышууга» айыпталып Кыргызстанда өмүр бою эркинен ажыратылган.

Укук коргоочунун сыйланышы Кыргызстандын жетекчилигинин терс реакциясын жараткан. Анда  өлкөнүн Тышкы иштер министрлиги Аскаровду кылмышкер деп атап, АКШнын ал аракети өлкөлөр ортосундагы эки тараптуу мамилелерге «олуттуу зыян алып келерин» билдирген.

«Кыргыз тарап А.Аскаровдун ишмердүүлүгү үчүн сыйланбагандыгына ишенет, бул анын улутуна жана 2010-жылдагы июнь окуяларынын жүрүшүндөгү кылмыш иши боюнча соттолгондугу макамына шартталып сыйланган», ― деп билдирген ТИМ июлда.

Аскаровдун Мамдептин сыйлыгы менен сыйланышынын жыйынтыгында Кыргызстан менен АКШнын ортосундагы кызматташуу тууралуу базалык келишим кыргыз тараптын демилгеси менен денонсацияланган.

Өмүр бою эркинен ажыратуу

Азимжан Аскаров ― этникалык өзбек ― «Воздух» укук коргоо уюмун жетектеген жана 15 жыл бою Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон райондук милициясы тарабынан жасалган кыйноо фактыларын чагылдырып келген.

2010-жылдын 15-июнунда жергиликтүү райондук милиция бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан кармалган. Бийлик аны «массалык башаламандык уюштурууга», «улуттар аралык кастыкты козутууга» жана аймактык милиционер Мыктыбек Сулаймановду «өлтүрүүгө» айыптаган.

Анда борборазиялык укук коргоочулар Кыргызстандын ал кездеги президенти Роза Отунбаевага жолдогон кайрылууларында Аскаров кармалардан бир аз мурун башамандыктардын курмандыктары тууралуу маалыматтарды топтоп, талоончулук фактыларын документтештирип, видеого түшүрүп жүргөндүгүн жазышкан.

Аскаровдун өкүлдөрү Kloop.kgге курган маектеринде ал документтер менен түшүрүлгөн видеолор укук коргоочунун үйүн тинтүү маалында милиция кызматкерлери тарабынан алынган деген божомолдорун айтышкан. Айыпталуучунун жактоочулары тергөөнүн жүрүшүндө Аскаровго карата кыйноо ыкмалары колдонулгандыгы тууралуу бир нече жолу билдиришкен.

2010-жылдын аягында Аскаров Базар-Коргон райондук соту тарабынан өмүр бою эркинен ажыратылган, а бир жылдан соң райондук соттун ал чечимин Кыргызстандын Жогорку соту күчүндө калтырган.

Кыргызстандын жана эл аралык укук коргоо уюмдары Аскаровдун ишин кайрадан карап чыгуу жана ага карата чыгарылган өмүр бою эркинен ажыратуу өкүмүн жокко чыгаруу өтүнүчү менен Кыргызстандын бийлигине бир нече жолу кайрылышкан.

2015-жылдын июнунун башында Бириккен Улуттар уюмунун башкы катчысы Пан Ги Мундун Кыргызстанга болгон сапарынын жүрүшүндө укук коргоочу «Бир дүйнө» уюму укук коргоочу 2011-жылы эле билдирген ден соолугунун начарлагандыгына байланыштуу Аскаровго карата чыгарылган өкүмдү жокко чыгарып, аны бошотуу талабы менен өлкө жетекчилигине жаңы кайрылуу жолдогон.